Hesperian Health Guides
АКТИВДҮҮЛҮКТҮ САКТОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо > АКТИВДҮҮЛҮКТҮ САКТОО
Жүлүн жабыркаганда, “кошумча бузулуулардын” көпчүлүгү адам убактысынын басымдуу бөлүгүн жаткан жана отурган абалдарында гана өткөрүүсүнөн улам орун алат. Денени мыкты абалында сактоо үчүн, активдүүлүк талап кылынат. Кыймылдоо жетишсиз болгондо, кан дене боюнча анча жакшы айланбайт. Мындай жагдайда эт оюлуулар пайда болушу, бут кетмендери шишүүсү, сөөктөр морт болуп (остеопороз), сынып кетүүсү мүмкүн болушу, айрыкча буттарда ооруткан же кооптуу кан уйуулар (тромбоз), табарсыкта же бөйрөктөрдө таштар, заара чыгаруу системинда инфекциялар пайда болушу жана жалпы физикалык алсыздык орун алышы мүмкүн.
| Жүлүнү жабыркаган адамдар физикалык активдүүлүгүн сакташы алардын денеси үчүн гана эмес, психикасы үчүн да маанилүү. Балаңыз мүмкүн болушунча көбүрөөк нерселерди өзү аткарсын: дөңгөлөктүү отургучун жылдырсын, ошол отургучуна жана андан которулсун, киринсин, кийимин жуусун, бөлмөсүн тазаласын жана ишиңизге жардам берсин. |
|
|
Активдүү оюндар жана спорттун түрлөрү да пайдалуу. Сууда сүзүү, баскетбол жана жаа атуу сыяктуу спорт түрлөрүнүн жардамы менен дененин үстүнкү бөлүгүн пайдалануу аркылуу денени жакшы макшыктырып көнүктүрүүгө болот. Квадриплегиялык шалдыгы бар адамдар колду түз абалда кармап туруучу атайын шакшакты жана жаанын жибин тартуу үчүн экинчи колго бекитилүүчү илмекти пайдалануу жолу менен жаа атууну ийгиликтүү үйрөнө алат. |
|
Эскертме: Жаа атып машыгуу омуртка тутумунун ийрийүүсүн оңдоого да жардам бериши мүмкүн. Болгону, жаанын жибин аркада бүкүрөйүү пайда болгон жагындагы кол менен тартуу керек..
Бала дөңгөлөктүү отургучтун жардамы менен ары-бери которулууга аргасыз болсо да, буттарынын сөөктөрү нормадагыдай өсүүсүн улантышы, морт жана оңой сынма болбошу үчүн, ал күнүгө белгилүү бир убакытка буттарына туруп, денесин тик абалда кармашы керек. Бул ичегилерин бат-баттан бошотуп туруусуна да жардам берет.
|
|
Муну баланы “туруу үчүн тактага” курлар менен байлоо же вертикализаторго тургузуу аркылуу аткарса болот. | Бул жасалганы параплегиялык шалдыгы бар бала атасы экөө ойлоп чыгарышкан. Сүрөттөгү бала бут булчуңдарындагы спастиканы буттарына туруу үчүн пайдаланат. Булчуңдары чарчаганда, ал жасалгага колтуктары менен асылып, жумшак кездеме менен капталган түркүккө отуруп, эс алат. . |
|
Дөңгөлөктүү керебеттин мындай түзүлүшү жамбашында эт оюлуулары бар, жүлүнү жабыркаган балага ары-бери которулууга жакшы мүмкүнчүлүк берет. Бала керебетинин абалын горизонталдуу абалдан дээрлик тик абалга чейин өзгөртө алат. Мындай керебетти тактайдан же металлдан жасоого болот. |
|
Лидер болууга жетишкен, жүлүнү жабыркаган адамдар
Азыркы убакта ар кайсы өлкөлөрдө, жүлүнү жабыркаган адамдар өздөрүнө жаңы турмушту курууда тагдырын өз колуна алышып, коомчолорунда укуктары жана жөндөмдүүлүктөрү башкалар тарабынан таанылышына жетишип жүрүшөт. 55-бөлүмдө, жүлүнү жабыркаган адамдар иштеткен программалардын 2 мисалы келтирилген. Алар – Никарагуадагы ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардан турган Революционерлер уюму жана Бангладештеги Шал адамдарды реабилитациялоо борбору. Ушул жана башка көптөгөн уюмдардын кызматкерлери өздөрүнүн ойлорун жана сунуштарын өздөрүнүн программасын уюштурууга же устакана ачууга кызыкдар, окшош көйгөйлөрү бар адамдардын топтору менен бөлүшүүгө дайым даяр.