Hesperian Health Guides

ЖҮЛҮНҮ ЖАБЫРКАП КАЛГАН БАЛАГА ЭРТЕЛЕП КАМ КӨРҮП БАШТОО

Бул бөлүмдө:

Жүлүнү жабыркаган балага мүмкүн болушунча эртерээк бейтапканада жардам берип баштоо баарынан артык (айрыкча эгер балага жакшы медициналык жардам камсыз кылуу мүмкүн болсо). Баланын денеси дайыма таза абалда болушу, пневмонияга жана эт оюлууга жеткирбөө максатында денесинин абалын өзгөртүп туруу үчүн, анын үй-бүлөсү бейтапканада анын жанында болушу керек. (Мындай жабыркоолорду дарылоо боюнча иш тажрыйбасы аз болгон, колдору милдеттеринен бошобогон бейтапкана кызматкерлери баланын өмүрүнө коркунуч туудурган эт оюлуулардын пайда болушуна кээде, тилекке каршы, жол берип коюшат.)

ЭСКЕРТҮҮ! Жабыркоодон кийинки биринчи 6 ай ичинде же сынган сөөктөрү бардыгы биригип айыккыча, денесинин абалын которууда өзгөчө кылдаттык менен аркасын, мойнун жана башын бир тегиздикте кармап, баланы кыймылдатуу талап кылынат. Жүлүнүн жаңы эле жабыркаткан адамды санитардык замбилге жаткыруудагыдай сактык чараларын сактаңыз. Моюн же арка бөлүгүндөгү сынуулары биригип айыкканда, эгер башка көйгөйлөр пайда болбосо, баланы курсагына, адегенде 10 мүнөткө, андан кийин узагыраакка жаткырып баштоого болот.

Омуртка тутумуна хирургиялык операция жасатуу зарыл болушу же болбошу мүмкүн. Операциядан кийин адам 6 жумадан кем эмес убакыт кыймылдабай жатууга тийиш. Мындай операциянын негизги максаты – шалдыктан айыктыруу эмес, бузулуунун ого бетер күчөп кетүүсүнө жол бербөө. Жүлүндө орун алган бузулууну операциянын жардамы менен да, дары-дармектердин жардамы менен да оңдоого мүмкүн эмес.

Эт оюлуулардын алдын алуу

Сезгичтик жоголгондо, сөөктөр уркуюп турган дене бөлүктөрүндөгү териде, айрыкча сандарда жана жамбаштарда тез эле эт оюлуулар пайда болушу мүмкүн. Эт оюлуулардын пайда болуусу эң ыктымалдуу болгон убакыт – жабыркоо орун алгандан кийинки биринчи бир нече жума. Мунун себеби – бала денесин кыймылдатпашы керек, жана ал денесин туура кыймылдатканды жана оодарганды үйрөнө элек. Эт оюлуулардын алдын алуу өтө маанилүү. Муну бала өзү да, ага кам көргөндөр да жакшы түшүнүп, аны тынымсыз камсыз кылуулары шарт.

ЭТ ОЮЛУУЛАРДЫН АЛДЫН АЛУУГА ЖАНА АЛАРДЫ ДАРЫЛООГО АРНАЛГАН 24-БӨЛҮМДҮ СӨЗСҮЗ ОКУҢУЗ.]].


Эт оюлууларга башынан жол бербөө чараларынын кыскача тизмеги: (Толугураак маалыматты 24-бөлүмдөн караңыз.)

  • Жумшак матраста же калың, нык пенорезинкеден турган төшөнчтө жатуу;
  • Уркуйган сөөктөр кысылбашы үчүн, астына жумшак төшөнчү же жаздык салуу;
  • Ар 2–3 саат сайын дененин абалын (курсактан аркага жана капталдан капталга) которуу. Эт оюлуулардын алдын алуу үчүн эң мыкты абал – курсакка жатуу.
  • Терини жана төшөнчүлөрдү таза жана кургак абалда кармоо;
  • Витаминдерге, темирге жана протеиндерге бай азыктар менен тамактануу;
  • Кан дене боюнча жакшы айланышы үчүн, көп кыймылдоо жана көнүгүү аткаруу;
DVC Ch23 Page 182-1.png
  • Эт оюлуулардын эң биринчи белгилерине терини күнүгө текшерип туруу; эт оюлуулары жаңы пайда болуп келаткан дене бөлүктөрүн териси калыбына келмейинче кысылуудан толук бошотуу.

Контрактуралардын алдын алуу

Жүлүн жабыркоодон кийинки биринчи бир нече жума ичинде, бала кыймылсыз жаткан абалда болгондо, контрактураралар (булчуңдар кыскаруу) калыптануу ыктымалдыгы жогорулайт (айрыкча бут кетмендеринде жана чыканак муундарында). Бут кетмендерин жөлөп коюу, чыканактарды түз, алакан-манжаларды туура абалда кармоо үчүн, астыларына жаздыкчаларды жана төшөнчүлөрдү салып коюу зарыл. Жабыркаган жер айыккыча омуртка тутумун кыймылдатпай, муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоочу көнүгүүлөрдү этияттык менен мүмкүн болушунча эртерээк аткарып баштоо керек. Жүлүнү жабыркаган адамда контрактуралар калыптануусуна жол бербөө тууралуу кошумча маалыматтарды ДЕНЕНИ ТУУРА КАРМОО караңыз.




This page was updated:30 Дек 2025