Hesperian Health Guides
Өзүн тейлөө
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо > Өзүн тейлөө
Үй-бөлүсүнүн, досторунун жана реабилитологдордун жардамы жана колдоосу менен, жүлүнү жабыркаган бала өзүнүн негизги муктаждыктарын (ары-бери которулуу, тамактануу, киринүү, кийинүү, даараткананы пайдалануу жана, белгилүү бир убакыттан кийин, күндөлүк турмушунда керектүү башка ыкжөндөмдөрдү) мүмкүн болушунча өз алдынча канааттандырууну үйрөнүп алууга жарап калат.
Балага өзүн тейлөө ык-жөндөмдөрүн үйрөтүү айрыкча башында абдан жай жүрүшү мүмкүн. Мындай жагдай баланын өзүнө болгон ишенимин төмөндөтпөй койбойт. Абалын туура түшүнүү менен мамиле кылууга жана колдоого бала муктаж болот. Жүлүнү омуртка тутумунун өйдөкү жеринен жабыркаган, колдорун анча башкара албаган адамдарга салыштырмалуу жүлүнү ылдыйыраак жеринен жабыркаган адамдар үчүн өзүн тейлөө ык-жөндөмдөрүн кайрадан үйрөнүү оңоюраак. Квадриплегиялык шалдыгы бар адамдарда, көбүнчө, башкалардан толук эмес көз карандылык сакталат. Күндөлүк тиричилигинде зарыл нерселерди аткарууну өзү жана жардамчылары үчүн жеңилдетүү максатында, мындай адамдар ашыкча салмак кошпошу абдан маанилүү.
Негизги ык-жөндөмдөрдү кайрадан үйрөнүүсүнө жардам берүү үчүн, пайдалуу ыкмалар жана жол-жоболор иштелип чыккан. Алардын көбүн бул жерде толук сүрөттөп берүү мүмкүн эмес. Ошентсе да, далай нерсе ишке чечкиндүүлүк менен мамиле кылуудан, ой жүгүртүүдөн жана жүйөлүү ойлордон көз каранды болот. Көмкөрүлүү жана жаткан абалдан отурган абалга которулуу сыяктуу эң керектүү ык-жөндөмдөрдөн баштаңыз.
Колдор шал болуп калганда, төмөндө сүрөттөлгөн (же сиз ойлоп чыгарган) жасалгалардын жардамы менен тамактанганды жана жазганды жаңыдан үйрөнүү оңой болот.
| Орусча “липучка” деп аталган илмектер көмөкчү жасалгаларды башка бирөөнүн жардамысыз бекитүүгө балага мүмкүнчүлүк берет. | Металл түтүккө ширетилип бекитилген бөлүгү алаканга кийгизилүүчү жасалгага тагылып колдонулат. | ||
Өзүн тейлөөдө жардам берүүчү жасалгалардын башка түрлөрүн 62-БӨЛҮМ караңыз. Дөңгөлөктүү отургучка отуруу жана андан туруу, балдактардын жардамы менен басууну үйрөнүү боюнча сунуштар 43- бөлүмдө келтирилген.