Hesperian Health Guides

ЖҮЛҮН ОГО БЕТЕР ЖАБЫРКООСУНА ЖОЛ БЕРБӨӨ ЫКМАЛАРЫ

Бул бөлүмдө:

Адам кырсыкка кабылып, балким, жүлүнүн жабыркатып алса, бузулууну ого бетер күчөтүп албоо үчүн, сактык чараларын көрүү зарыл.

Эгер кырсыктан кийин адам төмөнкү абалдарда болсо, жүлүнү жабыркаган болушу мүмкүн:

  • эсин жоготсо, же
  • кыймылдай албаса, сезгичтиги жоголсо же буттары же колдору “уктап” калса.


Эгер жүлүнү жабыркаган болушу мүмкүн деп ойлосоңуз:

  • Медициналык-санитардык кызматчы узун такта же санитардык атайын замбилди ала келмейинче, аны кыймылдатпаңыз. Айрыкча мойну жана аркасы бүгүлүүсүнө жол бербеңиз.
  • Адамды денесин ийилтпей көтөрүп, тактага же бети туруктуу замбилге жаткырыңыз. (Бети жумшак замбилге караганда бети бекем жасалга жакшыраак. Мындай замбилди колдо бар тактайлардан даярдоого болот.) Бейтапты замбилге кыймылдатпай бекитүү үчүн, кийим же башка ылайыктуу материалды колдонуңуз.
  • Денесин замбилге бекем байлап, башын туруктуу бир абалда сактаңыз.
  • Адамды медициналык борборго же бейтапканага жеткириңиз. Аны чайпалтпоого жана титиретпөөгө аракет кылыңыз.


a person on a stretcher
башты бир калыпта бекем кармоо үчүн кум толтурулган баштыктар же тоголоктолгон кийим

ЖҮЛҮНҮ КАТУУ ЖАБЫРКАП КАЛГАН АДАМДЫ КӨТӨРҮҮ ЖАНА ЗАМБИЛГЕ ЖАТКЫРУУ ЖОЛУ
Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептен алынды.

DVC Ch23 Page 180-2.png
1.
DVC Ch23 Page 180-3.png
2.
Башы эңкейбесин, мойну ийилбесин.
Бир жерин жабыркатып алган адамды, омуртка тутумун ийилтпей, этияттап көтөрүңүз. Бирөө замбилди жакындатып даярдасын.



DVC Ch23 Page 180-4.png
3.
DVC Ch23 Page 180-5.png
4.
кум салынган баштыктар
Баарыңар чогулуп, аны замбилге жаткыргыла. Эгер мойну жабыркаган же сынган болсо, башын кыймылдатпоо үчүн, кум салынган баштыктарды же тоголоктолгон кийимдерди башынын эки жагына коюңуз.

Бейтапты замбилге жаткырып алып көтөрүп жүргөндө, замбилдин бут жагын бир аз өйдөрөөк кармоого аракет кылгыла (атүгүл өйдөлүшкө чыгып баратканда да).

Балдар жүлүнүн жабыркатып алуусунун кесепеттери

a child with problems from spinal cord injury Сезгичтигин жоготкон (квадриплегияда гана) дене бөлүктөрүнүн дүүлүгүүсүнөн улам артериалдык кан басымы капыстан көтөрүлүп, лукулдаган баш ооруу орун алат (дисрефлексия). (караңыз "ДИСРЕФЛЕКСИЯ").
омуртка тутуму ийрийүү же бүкүрдүк калыптануу (караңыз "ДЕНЕНИ ТУУРА КАРМОО").
заара чыгаруу жолдорунун инфекциялары (бөйрөктөр камтылып, өлүмгө алып келиши мүмкүн).
сезгичтиги жоголгон дене бөлүктөрүндө күйүктөр же жабыркоонун башка түрлөрү (караңыз "ФИЗИКАЛЫК РЕАБИЛИТАЦИЯНЫ ЭРТЕ БАШТОО").
Pressure sores (bed sores) in body areas where feeling has been lost (караңыз Chapter 24).
буттун бүт узундугуна созулган ортезден эт оюлуулар пайда болуу.
табарсыкты жана ичегилерди башкаруу функциялары бузулуусунан улам чатта исиркектер же жаралар пайда болуу (караңыз [["ФИЗИКАЛЫК РЕАБИЛИТАЦИЯНЫ ЭРТЕ БАШТОО").
Булчуңдар спастикасы буттар түздөлүп, бир бирине жанашып калуусуна, ал эми бут кетмендери ат бутундай болуп сунулуп чыңалып калуусуна алып келет (караңыз "ЖҮЛҮНҮ ЖАБЫРКАГАН БАЛАДА ЖАНА АНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНДӨ ПАЙДА БОЛУШУ МҮМКҮН БОЛГОН БИРИНЧИ СУРООЛОР").
Бут сөөктөрү демейкиден жайыраак өсөт, ичкерип кетет, бекем болбой калат, оңой эле сынып кетиши мүмкүн (айрыкча эгер бала буттарына турбаса жана аларга таянбаса).(караңыз "АКТИВДҮҮЛҮКТҮ САКТОО".)
бала абалына моюн сунуп, аны кабыл алуу кыйынчылыктарына байланыштуу, маанайынын басыңкы болуусу жана кыжырдануусу менен мүнөздүү мезгилдер (караңыз "БАЛАГА ЖАНА АНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КӨЙГӨЙҮНӨ ЫҢГАЙЛАШУУГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ").
Бала ысык аба ырайында катуу кыйналат, анткени дене табын жөнгө салуу функциясы бузулуп калат (караңыз "ФИЗИКАЛЫК РЕАБИЛИТАЦИЯНЫ ЭРТЕ БАШТОО").
Квадриплегияда дем алдыруучу булчуңдар алсыз болуп кетүүсүнөн пневмониянын ыктымалдыгы көбөйөт (караңыз "ЖҮЛҮНДҮ ЖАБЫРКАТЫП АЛУУДАН КИЙИНКИ ФИЗИОТЕРАПИЯ").
контрактуралар – айрыкча:
  • чыканактардын жана алакан-манжалардын (квадриплегияда)
  • жамбаш сөөк - кашка жилик муундарынын (бүгүлүп, бир бирине тартылып калат)
  • бут кетмендеринин деформациялары: “ат буту” сымалданып сунулуу жана маймактык, айрыкча жаш балдарда (караңыз "ДЕНЕНИ ТУУРА КАРМОО").


Мындай көйгөйлөргө жеткирбөө же аларды азайтуу үчүн, жабыркоо орун алып калгандан кийин мүмкүн болушунча эртерээк атайын чараларды көрүп баштоо жана андан соң аларды өмүр бою аткаруу зарыл.




This page was updated:30 Дек 2025