Hesperian Health Guides

ФИЗИКАЛЫК РЕАБИЛИТАЦИЯНЫ ЭРТЕ БАШТОО

Бул бөлүмдө:

Жүлүнү жабыркаган адамдын максаты – башкалардан болгон көз карандылыкты мүмкүн болушунча азайтуу. Бирок күндөлүк тиричилигинде өзүн тейлегенди өздөштүргүчө, ал автоматтык функцияларын жоготкон денесин ар кандай кокустуктардан коргоону үйрөнүшү керек. Жоголуп же өзгөрүлүп кетүүсү мүмкүн болгон коргоочу функцияларга төмөнкүлөр кирет:

  1. Дене абалы өзгөрүшүнө жараша кандын басымын жөнгө салуу.
  2. Ар кандай жабыркоолордон (мисалы, эт оюлуу) сактоочу сезгичтик (ооруу туйуу).
  3. Дененин мейкиндиктеги абалын сезүү жана тең салмактыкты сактоо жөндөмдүүлүгү.
  4. Булчуңдардын күчү жана кыймылдар координациялануу.
  5. Дене табын жөнгө салуу, айрыкча ысык аба ырайында дене табын төмөндөтүү жөндөмдүүлүгү.



1. Жаткан абалынан отурган абалына же отурган абалынан турган абалына которулганда мээдеги кан басымы тез төмөндөшү баш тегеренүүгө же эс жоготууга алып келиши мүмкүн. Жүлүнү жабыркаган адамдарда бул көп учурайт, анткени аларда кан басымын жөнгө салуу функциясы жарым-жартылай жоголуп кетет. Адамдын денеси мындай абалга бара-бара ыңгайлашы мүмкүн, бирок баары бир сактык чараларын кармануу талап кылынат (мындай сактык чаралары көптөн бери жаткан адамдардын бардыгы үчүн керек).
Отуруп баштоодон мурун, керебеттин баш жагын бир аз көтөрүп коюңуз – күн сайын бул бийиктикти жана анын узактыгын улам бир аздан көбөйтүп туруңуз.
a person lays down with the head of the bed slightly raised

Сүрөттөгүдөй абалдан жана 15 мүнөттөн баштаңыз.
a person lies down with the head of the bed raised high
DVC Ch23 Page 185-3.png
1–2 жумадан кийин жантаюу бурчу сүрөттөгүдөй, ал эми узактыгы 3 саатка жетиши керек. Эгер отурганда адамдын башы тегерене баштаса же ал эсин жогото баштаса, аны чалкалатып, буттарын көтөрүңүз.



boy sits with hands at his sides to do lifting exercises
DVC Ch23 Page 185-5.png
Тулкуну ушинтип бир аздан көтөрүүгө багытталган мындай көнүгүүлөр кан басымын жөнгө салуу жөндөмдүүлүгүн калыбына келтирүүгө, эт оюлууларга жеткирбөөгө жана кол булчуңдарын бекемдөөгө жардам берет. Туруп баштоодон мурун, туруу үчүн атайын такта жасап, баланы курлардын жардамы менен ага бекитиңиз. Тактанын жантаюу бурчу адегенде чоң болууга тийиш. Күндөн күнгө тактанын башын улам көтөрүп, бул бурчту азайтыңыз, туруу узактыгын улам көбөйтүңүз.
2. Айрым дене бөлүктөрүндө сезгичтик жоголуу эт оюлуулардын пайда болуусуна, күйгүзүп алуу, кесип алуу сыяктуу жаракаттарга алып келиши мүмкүн. Мунун себеби: дене ошол жери ооруганын сезбей, балага кооптуу жагдайдан сактануу үчүн абалын өзгөртүү же ары которулуп кетүү керектигин билдирбейт.
Бала денесинин абалын улам өзгөртүп, жабыркоолордон сактанып турууну өздөштүрүп алуусу маанилүү. Ал үчүн бала төмөнкүлөрдү үйрөнүшү керек:
DVC Ch23 Page 185-6.png
  • жаңыдан пайда болуп келаткан жабырлануунун же жаралануунун белгилерине денени күнүгө текшерүүнү
DVC Ch23 Page 185-7.png
  • күнүгө киринүүнү
DVC Ch23 Page 185-8.png
  • бир жерин күйгүзүп алуудан же башка жабыркатуудан сактанууну
DVC Ch23 Page 185-9.png
ЖОК!
DVC Ch23 Page 185-10.png
ЖОК!
Ысык нерселерге (мисалы, асфальтка) отурбаңыз, аларга тийбеңиз! Ачык оттун жанына отурбаңыз, жатпаңыз жана уктабаңыз!

Денесининде сезгичтиги азайган адамдар, айрыкча алардын ичинен табарсыгын жана ичегилерин башкаруу функцияларын жоготкондору үчүн денесин таза кармоо абдан маанилүү. Мындай адам күнүгө киринтилип туруусун камсыз кылыңыз. Жыныс мүчөлөрү, жамбаштары жана алаасы суу же кир болгон сайын, дароо аларды жууп, кургак кылып сүртүңүз.

Эгер денесинде кызаруу, жалаякшымынан исиркектер же жара пайда болсо, баланы улам киринтип, денесинин дүүлүккөн бөлүктөрүн кургак абалда кармаңыз. Жел кирип туруусу үчүн, алаасин ачык кармаңыз. Буттарын жаап коюу керек болгондо, нымды жакшы сиңирүүчү, пахтадан жасалган жумшак кездемени пайдаланыңыз. Баланы киринткенден жана ички кийимин жана жалаягын жуугандан кийин, баланы жана кийимин чайкоо үчүн, сууга бир аз сирке суу (уксус) кошуңуз. Бул денесинде исиркектер пайда болуусуна жана денеси инфекциялануусуна жол бербейт.
Тери инфекцияларынын (көк датты козгоочу жана ачытуучу микрожандыктардын, бактериялардын) кээ бир түрлөрүн дарылоо тууралуу коомчодогу медикалык-санитардык кызматчы менен кеңешиңиз же медициналык маалымдамадан (мисалы, “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 15-бөлүмүн) караңыз.
3. Дененин мейкиндиктеги абалын туюу функциясын жоготуу дененин тең салмактыгын сактоо жөндөмдүүлүгүнө таасирин тийгизет. Так ушундай жагдай булчуңдарды башкаруу жөндөмдүүлүгү жоголгондо да кайталанат. Бала денесинин мейкиндиктеги абалын туюунун жана тең салмактыгын сактоонун жаңы ыкмаларын үйрөнүшү керек. Ал үчүн, эгер мүмкүн болсо, баланы күзгүнүн алдына отургузуп, төмөнкү баскычтарды өздөштүрүп, алардан өтүүсүнө жардам бериңиз.
  • эки колу отургучта
  • эки колу тизелеринде
  • Бир колун капталына, алдыга жана артына көтөрсүн.
DVC Ch23 Page 186-2.png
  • Бул көнүгүүлөрдү күзгүнүн алдында жасагандан кийин, бала аларды күзгүсү жок жасасын.
  • Тең салмактыгын сактоо жөндөмдүүлүгү улам жакшырган сайын, башка көнүгүүлөрдү адегенде бир колу менен, андан кийин эки колу менен (мисалы, жүк көтөрүүнү же топ менен ойноону) аткарып баштасын.
boy sits and balances in front of a mirror
Жүлүнү аркасынын ортоңку бөлүгүнөн жабыркаган бала сүрөттөгүдөй абалда тең салмактыгын сактай алат.
Күзгү канчалык чоң болсо, ошончолук жакшы.
Буттары жана бут кетмендери бир биринен алыстатылып, эки жакка бурулган
эт оюлууларга жол бербөө үчүн жаздыкча
Тамандары жерге толук түшүрүлгөн.


Эскертме: Айрым балдардын денесинин тең салмактыгын сактоо функциясы катуу бузулгандыктан, алар көнүгүүлөрдү дөңгөлөктүү отургучта же жөлөнгүчү бийик жана чыканак такоочтору бар отургучта баштоого аргасыз болушу мүмкүн.


4. Булчуңдардын күчүн калыбына келтирүү. Шал болбогон булчуңдар шал болгон булчуңдардын кызматын өзүнө алышы үчүн, алар мүмкүн болушунча күчтүү болушу керек. Ийин, кол жана курсак булчуңдары – эң маанилүү булчуңдар.
Жүк көтөрүү – ийин булчуңдарын бекемдөө үчүн мыкты көнүгүү.
child lifts bags hanging from a tree
кум же таш салынган баштыктар
child pumps water into a bucket
Көнүгүүлөрдү пайдалуу жана кызыктуу кылуу жолдорун издеңиз.
5. Temperature control. Дене табын жөнгө салуу. Ысык аба ырайында, нормада, адам тердейт, терисинин астындагы кан тамырлары кеңейет. Жүлүнү омуртка тутумунун өйдөкү бөлүгүнөн жабыркаган адамдарда дене табын төмөндөтүүнүн мындай автоматтык функциясы жарым-жартылай жоголуп калат. Аба ырайы ысыганда, мындай адамдарда катуу ысытма башталышы мүмкүн, кээде алар атүгүл өлүп калышы ыктымал.
Ушул себептен, күндүзү күн катуу ысыганда, аларга көлөкөдө, мүмкүн болушунча эң салкын жерде эс алууну үйрөтүү (жана буга уруксат берүү) зарыл. Жүлүнү жабыркаган балдарга автоунаанын дөңгөлөгүнүн, ичине аба үйлөнгөн камерасын сууга салып, аны жакшылап карманып отуруп алып, ары-бери калкыганды үйрөтүп койсо болот. Балдар андан ырахат алышып, колдору менен ийиндерин да жакшы машыктырышат. Бирок аларды баары бир көзөмөлсүз калтырбаңыз.
Жашыл жалбырактардын далдоосунда аба салкыныраак болот.

Суу тамчылары денени суутуга жардам берет.
child lays in the shade with a fan and water dripping on him
желпи-гич
DVC Ch23 Page 187-2.png
Эгер бала күндүн эң ысыгын терең эмес көлмөнүн көлөкө бөлүгүндө өткөрө алса, мындан артык нерсе жок.

Баланын дене табы өтө төмөндөп кетүүсүнөн сактаныңыз. Дене табы чегинен ашып төмөндөп кетиши да мүмкүн..


DVC Ch23 Page 187-3.png
Күн ысыганда денени суутуу үчүн, пластиктен жасалган суу чачыраткычты колдонсо болот
DVC Ch23 Page 187-4.png




This page was updated:30 Дек 2025