Hesperian Health Guides

ЖҮЛҮНДҮ ЖАБЫРКАТЫП АЛУУДАН КИЙИНКИ ФИЗИОТЕРАПИЯ

Бул бөлүмдө:

ДЕМ АЛУУСУНА ЖАНА ЖӨТӨЛТҮП ЖАРДАМ БЕРҮҮ

Жүлүнү моюн же аркасынын өйдөкү бөлүгүнөн жабыркаганда, көп учурда, дем алдыруучу булчуңдарынын бир бөлүгү шал болуп калат. Андан соң жабыркабаган булчуңдары бара-бара бекемдеп, дем алуусу жакшырат. Бирок кээде айрымдардын дем алуусу начар боюнча калып, адам жакшылап жөтөлүп алуу аркылуу дем алуу жолдорун тазалоого жарабай, пневмония менен тез эле ооруп кала берет. Аны жөтөлтүүгө жардам берүү үчүн, төмөнкү сүрөттө көрсөтүлгөндөй, колдоруңузду көкүрөгүнө коюңуз.

Жөтөлүүсүн өтүнүңүз. Ал жөтөлө баштаганда, көкүрөгүн бекем басыңыз. Этият болуңуз: омуртка тутуму ордунан жылып кетпесин.

ЖӨТӨЛТҮҮГӨ ЭКИ АДАМ ЖАРДАМ БЕРҮҮ

two women press down on a person's chest and talk
Суук тийгенде, муну күнүнө бир нече маал аткаргыла. Дем алуусу оорлогондо, же өпкөсүндө же тамагына былжыр толуп кеткенине шектенсеңиз, муну күнүнө мындан да көп маал аткаргыла.

ЖӨТӨЛТҮҮГӨ БИР АДАМ ЖАРДАМ БЕРҮҮ

man presses down on child's chest and talks
child lies facing down with hips propped up
Бала терең дем алуусуна жардам берүү жана дем алдыруучу булчуңдарынын иштөөсүн күчөтүү үчүн, ал терең дем алып, демин чыгарганда, бул жеринен этияттап басыңыз. Мындай аракетти күнүнө бир нече маал, бир нече мүнөт бою аткарыңыз. Эгер өпкөсүнө көп былжыр топтолсо, баланы, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, курсагына жаткырып, аркасын жандуу чапкылаңыз. Бул былжыр бошонуусуна жардам берет, анан аны жөтөлтүү жолу менен сыртка чыгарса болот. Бала суудан көп ичиши керек – былжыр андан суюлуп, жөтөл менен сыртка чыгуусу жеңилдейт.

КЫЙМЫЛДОО ЖАНА КӨНҮГҮҮЛӨР

Ар бир кол жана бут үчүн 10 мүнөт муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоочу көнүгүүлөрдү аткаргыла. Биринчи бир нече жума буларды күнүнө 2 маал жасагыла. Кийин, балким, буларды күнүнө бир эле маал жасоо жетиштүү болот. Эгер контрактуралардын белгилери пайда боло баштаса, дененин ошол бөлүктөрүнө көбүрөөк көңүл буруңуз. Эң башынан эле пассивдүү көнүгүүлөрдү да (баланын денесинин бөлүктөрүн башка бирөө кыймылдатат), эгер мүмкүн болсо, активдүү көнүгүүлөрдү да (бала өзү кыймылдатат) жасап баштоо зарыл.

Муундардын толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдигин сактоочу көнүгүүлөрдү жабыркоо орун алган күндүн эртесинен тартып эле өзгөчө этияттык менен баштоо керек (42-бөлүмдү караңыз). Бул көнүгүүлөр кандын дене боюнча айлануусун жакшыртууга (эт оюлуулар пайда болуу ыктымалдыгы азаят), контрактуралар калыптануусуна жол бербөөгө жана жабыркабаган булчуңдарды бекемдөөгө жардам берет. Муундар толук көлөмүндө кыймылдоо ийкемдигин сактоочу көнүгүүлөрдү өмүр бою жасоо талап кылынат, б.а. мүмкүн болушунча мындай көнүгүүлөр баланын күндөлүк тиричилигинин бир бөлүгү болуп калышы керек.

ЭСКЕРТҮҮ!
  • Омуртка тутумундагы сынуулардын жана үзүлүүлөрдүн бардыгы айыкмайынча (6 жумадан кем эмес), көнүгүүлөрдү чоң этияттык менен, күчкө салуусуз, жулкутуусуз, жай салмактуу аткаруу зарыл.
♦ Айрыкча башында арка менен моюн көнүгүүлөрдү жасоодон улам ордунан жылып кетүүсүнө жол бербеңиз. Бут кетмендеринен, таман сөөк - жото жилик муундарынан, алакан-манжалардын, кырк муундардан жана чыканактардан баштагыла.
♦ Эгер көнүгүүлөр булчуңдардын күчтүү спазмдарына же тарткылоолоруна алып келсе, сынган жер айыкмайынча аларды аткарбагыла.
  • Муундарды толук көлөмүндө кыймылдатам деп күчкө салбаңыз, анткени аларга оңой эле зыян келтирип алышыңыз мүмкүн.
  • Квадриплегиялык шалдыгы бар адамдар манжаларын жазуу көнүгүүлөрүн кырк мууну бул сүрөттөгүдөй бүгүлүү абалында болгондо гана аткарганы оң,
wrist bent down with straight fingers and a wrist bent back with bent fingers
бирок бул сүрөттөгүдөй бүгүлүү абалында болгондо эмес.

Анткени мындай учурда, оңдолбогон контрактура ар кандай буюмдарды манжалары менен түшүрбөй кармоосуна балага мүмкүнчүлүк берет. Манжалары тийиштүү булчуңдарынын жардамы менен кыймылга келе албаса да, кырк мууну артын көздөй бүгүлүп туруусу ар кандай буюмдарды илип кармоосуна жардам берет.

Эгер мүмкүн болсо, тажрыйбалуу физиотерапевт менен кеңешиңиз.

  • Бардык муундарынын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдигин сактоого аракет кылыңыз. Бирок контрактуралар калыптануу ыктымалдыгы абдан чоң болгон муундарга көбүрөөк көңүл буруңуз, айрыкча:
♦ бир абалында улам “салаңдап” калмайы бар болгон шал дене бөлүктөрүнө, мисалы, бут кетмендерине,
a leg with paralyzed parts
Көнүгүүлөрдүн (42-БӨЛҮМ) жана бут кетмендери үчүн таканчтын жардамы менен буга жол бербеңиз.
Булчуң кыскарып кеткен
Бут кетмени “салаңдап” турат
♦ же булчуңдар спастикасынан же булчуңдардын тең салмаксыздыгынан улам дайыма түз же бүгүлүү абалында кармалган муундарга.

Мисалы:
DVC Ch23 Page 183-3.png
Квадриплегияда, чыканакты жазуучу булчуңдар демейде шал болот,
ал эми чыканакты бүгүүчү булчуңдар бир топ күчтүү боюнча сакталат. Бул булчуңдар чыканакты бүгүлгөн абалында кармайт. Убакыттын өтүшү менен алар кыскарып, кол толук жазылбай калат
Чыканагы бир аз алдыга ийилип калмайынча колу түздөлүүсү маанилүү. Бала колдорунун жардамы менен ушинтип гана өзүн көтөрө алат.
DVC Ch23 Page 183-4.png
Ушул себептен, колдорду түз абалында кармоо жана чыканактардын кыймылдоо ийкемдигин сактоочу көнүгүүлөрдү мүмкүн болушунча эртерээк баштоо абдан маанилүү. Жаткан абалында адегенде алакандарын өйдө каратып, анан колдорун көтөрүү жолу менен чыканактарын түздөөнү ага үйрөтүңүз.
DVC Ch23 Page 183-5.png





This page was updated:30 Дек 2025