Hesperian Health Guides
БАЛАГА ЖАНА АНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КӨЙГӨЙҮНӨ ЫҢГАЙЛАШУУГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 23-БӨЛҮМ: Жүлүн жабыркоо > БАЛАГА ЖАНА АНЫН ҮЙ-БҮЛӨСҮНӨ КӨЙГӨЙҮНӨ ЫҢГАЙЛАШУУГА ЖАРДАМ БЕРҮҮ
Жүлүн жабыркоо, айрыкча балада, жүлүн чуркусундагыдай көйгөйлөрдүн көбүнө алып келет. Реабилитациялоосунун далай аспекттери да окшош. (Жүлүн чуркусуна арналган 22-бөлүм менен таанышып чыгууну сунуш кылабыз. Ал жерде жүлүнү жабыркаган жаш курактагы балдарды реабилитациялоо боюнча дагы башка ойлор келтирилген.)
Жүлүн жабыркоонун жүлүн чуркусунан эң чоң айырмасы – жүлүн жабыркоо кечирээк орун алат. Бүгүн баланын дени соо, ал физикалык жактан активдүү болсо, эртең ал капыстан шал болуп, (башында) өзүн тейлөөгө жараксыз болуп калышы мүмкүн. Денесинин бөлүгүндө сезгичтиги жана аны башкаруу жөндөмдүүлүгү толук жоголот; ошол жери жансыз болуп калгансыйт.
Буга моюн сунуу бала үчүн да, үй-бүлөсү үчүн да абдан оор. Аларда алдыда күтүп турган келечегинен жана белгисиздиктен коркуу сезимдери пайда болот. Баланын көңүлү абдан катуу чөгүшү, же ал оңой туталанма жана түнт болуп кетиши мүмкүн. Бала атүгүл дөңгөлөктүү отургучту пайдалануудан баш тартышы ыктымал, анткени бул ал үчүн “ушул бойдон эч качан баспайм” дегенге моюн сунуудай сезилиши мүмкүн.
Баланын чочулоолорун жоюунун жана чөккөн маанайын көтөрүүнүн оңой чечүүчү жооптору жок, бирок төмөндө келтирилген айрым сунуштар, үй-бүлөлөрдүн оюу боюнча, өз пайдалуулугун иш жүзүндө далилдеди.
- Баланын чочулоолору, көңүлүнүн басыңкылыгы жана ачуулануусу табигый реакция экенин жана мындай кыйынчылыктарды балага сүйүү, түшүнүү жана дем берип туруу менен мамиле кылуу аркылуу бара-бара жеңүү мүмкүн экенин түшүнүп, факт катары кабыл алыңыз.
- Абалы тууралуу бала менен ачык сүйлөшүңүз. Балага “Сени айыктыруунун жолун табабыз” же “Жакында ахывалын оңолуп, кайрадан басып каласың” деп, куру убада бербеңиз. Анткени бул чындыктан такыр эле алыс болушу мүмкүн, жана бала өзүнүн азыркы абалын кабыл алып, өмүрүн жаңыча куруп баштоосуна мындай сөздөр кыйынчылыктарды жаратышы ыктымал. Мындан тышкары, убакыт өтүшү менен убадаланган “айыгуусу” күндөр өткөн сайын орундалбаганда, баланын өзүнө жана жана башкаларга болгон ишеними улам азайып, чочулоосу күчөйт. Андан көрө, туура сөздөрдү жакшылап тандап, ага чындыкты айтуу бала үчүн кыйла жеңилирээк болот. Бир мисалы:
- Акыл-эсин активдүү иштетүүнү улантуусу үчүн балага шарт түзүңүз: ойноо, иштөө, айлана-чөйрөсүн изилдөө, ар түрдүү аңгемелерди айтып берүү жана сабак окуу аркылуу жаңы нерселерди үйрөнүү. Бирок ошол эле учурда, эгер баланын көңүлү басыңкы болсо, ал бир нерседен корксо, балага сый-урмат менен мамиле кылып, ага колдоо көрсөтүңүз. Эгер ыйлагысы келсе, мүмкүнчүлүк бериңиз, ыйлаганда, сооротуңуз, бирок “Ыйлаба!”, “Ыйлаганыңды токтот!” дебеңиз. Бир сыйра ыйлап алуу коркуу сезимин жана эмоционалдык чыңалууну азайтууга жардам берет.
- Мүмкүн болушунча тезирээк көнүгүүлөргө, көмөкчү иш-чараларга жана колдору менен денесин колдонгонду кайрадан үйрөтүүгө өтүңүз. Бала билгенден баштап, тапшырмаларды улам татаалдатыңыз.
| Жүлүнү жабыркаган адамдар ар түрдүү ык-жөндөмдөрдү үйрөнүп, башкаларга пайдалуу болушуна жардам берүүчү жолдорду издеңиз. Сүрөттө, PROJIMO борборунда, жүлүнү жабыркаган эки жаш адам ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү баланы текшерип, ушул китепти түзүүдө колдонулган иш кагаздарды пайдаланып, үй-бүлөсүнө пайдалуу кеңештерди берип жатат. |
- Балаңыз жүлүнү жабыркаган башка адамдарга (же жүлүн чуркусу бар балдарга) байкоо жүргүзүп, алар менен жакыныраак таанышуусуна жана сүйлөшүп туруусуна шарт түзүүгө аракет кылыңыз, айрыкча, толук баалуу жана бактылуу өмүр сүргөн адамдар менен.
- Балаңыздын достору үйүңүзгө келип, аны менен ойноп туруусуна шарт түзүңүз. Достору балаңыз мектепке кайтуусун чыдамсыздык менен күтүп жатканын ага түшүндүрүңүз.
- Баланы тейлөөнүн мүмкүн болушунча көбүрөөк бөлүгүн бала өзү аткаруусун колдоңуз. Өз алдынча аткара алган нерселеринин баарын өзү аткарсын – атүгүл буга көбүрөөк убакыт кетсе деле.
- “Транквилизаторлорду” жана башка күчтүү дары-дармектерди мүмкүн болушунча колдонбоңуз. Баланын акыл-эси жандуу боюнча сакталып, ал күндүзү активдүү кыймылдоого жарактуу болушу керек.