Оозэки катнашууда (сүйлөшүүдө) балада сакталган чектелүү угуусу сүйлөгөндүн эриндеринен “окуу” ыкмасы жана оозэки тилди үйрөнүү менен айкалыштырылып колдонулат. Көптөгөн өлкөлөрдөгү, дүлөйлөр үчүн мектептерде сүйлөшүүнү гана үйрөтүшөт. Тилекке каршы, мындай оозэки катнашуу, негизинен, айтылган далай сөздөрдү бир биринен ажырата алган, бир аз уккан же сүйлөгөндү үйрөнгөндөн кийин угуусун жоготкон балдарга гана жакшы натыйжаларды берет.
Комплекстүү катнашуу
Комплекстүү катнашууда бала айланасы менен толук катнашуусун мүмкүн кылуучу ар түрдүү ыкмаларды үйрөнүүсүнө жана колдонуусуна кызыктырылат (айрыкча, эгер коомчосунда жаңдоо тилин суудай өздөштүрүп алуусуна жардам бере алган, бул тилди билген адамдар жок болсо). Буларга төмөндө келтирилген ыкмалардын бири (же баары) кириши мүмкүн.
баланын өзүнүн көнүмүш жаңдоолору
жаңдоо тили
сүрөт тартуу, окуу жана жазуу
манжалык алфавит
балада сакталып калган угуусунун негизинде, сүйлөгөндүн эриндеринен “окуу” ык-жөндөмүн жана оозэки тилди өрчүтүү
МААНИЛҮҮ! “Комплекстүү катнашуу” жогоруда аталган ыкмалардын бардыгын ар бир балага колдонуу дегенди билдирбейт. Ал натыйжа бериши мүмкүн деген ыкмалардын ар бирин колдонуп көрүп, балага үй-бүлөсү жана айланасындагылары менен мүмкүн болушунча оңоюраак, тезирээк жана толугураак катнашуусуна мүмкүнчүлүктөрдү бергенине басым жасоо дегенди билдирет. Мындай жол жаңдоо тили колдонулбаган аймактар үчүн атайы түзүлгөн. Ал жеке жана жергиликтүү муктаждыктарга ыңгайлашуу мүмкүндүгү менен башкаларынан айырмалана
ЭСКЕРТҮҮ: Оозэки катнашууга гана үйрөтүүчү программалардан оолак болуңуз!
Көптөгөн өлкөлөрдө, дүлөйлөр үчүн мектептерде бардык балдарды “оозэки катнашууга” (сүйлөгөндүн эриндеринен “окууга” жана сөздөрдү айтууга) гана үйрөтүүгө аракет кылышат. Көп учурда мындай көрүнүш жан кейитүүчү жана атүгүл жагдайды ого бетер начарлатуучу натыйжаларга (айрыкча, тубаса дүлөй балдар үчүн) алып келет. Эриндерден “окуу” ыкмасы, эң жакшы дегенде, пайдасынан тышкары, көптөгөн көйгөйлөрдү да жаратат. Эриндерден “окуганды” мыкты билген адам болгону сөздөрдүн 40–50%ын гана түшүнөт, калгандарынын маанисин ойлоп чыгарууга аргасыз болот. (Мисалы, “мама” жана “папа” деген сөздөр айтылганда, эриндер бирдей кыймылдайт.) Атүгүл бала эриндерден “окуганды” жана бир аз сүйлөгөндү үйрөнсө деле, көп учурда, анын сүйлөөсү так эмес же кызыктай угулат. Натыйжада, чоңоюп калганда, бала көпчүлүк учурларда такыр эле сүйлөбөй коюуну артык көрөт.
Балага оозэки катнашууну гана үйрөтүү менен чектелүүнүн негизги көйгөйү – ал баланын тилинин өнүгүүсүн балдар тилди баарынан тез өздөштүргөн курагында (1 жаштан 7 жашка чейин) токтотуп коюусунда. Демейде, дүлөй бала 5–6 жашка чейин 5–10 гана сөздү эриндерден окуганды жана айтканды үйрөнөт. Бул куракка чейин так ушул эле бала 2000ден ашык белгини оңой эле өздөштүрө алат – угуусу мыкты бала деле болжол менен ушунча сөздү айта алат.
Оозэки катнашууга гана үйрөтүлгөндөргө салыштырмалуу, жаңдоону жана белгилерди да колдонууга үйрөтүлгөн дүлөй балдар башкалар менен эртерээк, оңоюраак жана толугураак түрдө катнашып башташарын изилдөөлөр көрсөттү. Бала адегенде жаңдоо тилин жана катнашуунун башка ыкмаларын өздөштүрүп баштоосу анын оозэки тилди жана эриндерден “окуу” ыкмасын үйрөнүүсүн чын эле жеңилдетет экен.
Ушул себептерден улам, угуусу бузук балдарга башкалар менен катнашуунун бир нече ыкмасын (алардын ичинде, жаңдоо тилинин тигил же бул формасын) үйрөтүүнү сунуш кылган адистердин, дүлөй жана угуусу начар адамдардын уюмдарынын саны жылдан жылга өсүүдө.
“Комплекстүү катнашуу” жаңы нерсе эмес. Дүйнөнүн далай бөлүктөрүндө дүлөй жана угуусу кадимкидей адамдар бир бири менен сүйлөшүүнүн оригиналдуу жана натыйжалуу ыкмаларын таап келишет. Алар жаңдоолордон, буюмдардан, мимикадан (бетти кыймылдатуу), сүрөттөрдөн жана добуштардан же сөздөрдөн турган өз системасын ойлоп чыгарышат. Натыйжада, дүлөй адамдар көп учурда өз коомчолорунда кадимкидей эле адамдардай жашашат. Алар далай нерсени “айта” жана түшүнө алышат.
Биз дүлөй балдарын айылдарынан шаардагы логопеддерге (тил өрчүтүүчү доктурлар) алып барган үй-бүлөлөр менен таанышпыз. Ата-энелер жана балдары бир бири менен жергиликтүү жана өздөрү ойлоп чыгарган белгилерди колдонуп катнашканды үйрөнүп алганын далай ирет көргөнбүз. Башында балдары шайыр эле, жадырап-жайнап жүрчү жана жаңы нерселерди жакшы эле өздөштүрчү. Бирок доктурлар ата-энелерге алар туура эмес кылып жатышканын, балдарга оюндагысын жаңдоо ыкмасы менен түшүндүрүүгө уруксат бербөө керек экенин, анткени эгер алар буга көнүп алышса, сүйлөгөндү эч качан үйрөнүшпөйт деп айтып башташты. Алар балдарды “атайын программа” боюнча окууга тапшыруу жана “оозэки катнашууга” үйрөтүү керек дешти. Бирок мындай программалар чоң шаарларда гана жүргүзүлгөндүктөн (жана аларга кошулуу үчүн көп учурда 3 жылдай күтүү керек болгондуктан), мындай окутуу көбүнө мүмкүн болгон жок. Доктурлардын кеңештерин аткарабыз деп, ата-энелер балдары менен жаңдоо ыкмасын колдонуп катнашпоого аракет кылышты жана бул ыкманы колдонгон балдарын жазалап башташты. Натыйжасында, ата-энелердин да, балдарынын да мындан көңүлү калып, алар өздөрүн күнөөлүү сезишип, бир бирине ачууланышып, бир бирине таарынышты. Балдардын жаңы нерселерди үйрөнүүсү жана социалдык жактан өрчүүсү токтоло түштү. Сүйлөгөндү үйрөнүү мүмкүндүгү мурункуга салыштырмалуу улам азая берди. Мурун алар “өздүк” системасын колдонуп, бир бири менен жадырапжайнап катнашып жүргөндөрү эске түштү.
Бактыга жараша, бул үй-бүлөлөрдүн көпчүлүгү жаңдоо ыкмасысыз алдыга жыла албарын өз убагында түшүнүп, бара-бара “комплекстүү катнашуу” системасын колдонууга кайтышты.
Бай өлкөлөрдө логопеддердин жана дүлөй жана угуусу начар балдарды окутуу боюнча адистердин улам көбүрөөк саны комплекстүү катнашуу ыкмасын колдонууга ооп баштады. Бир четинен, алар бул ыкмага өздөрүнүн мамилесин өзгөрткөндүгүнүн себеби – дүлөй жана угуусу начар адамдар өздөрү биригишип, муну талап кыла башташты. Өнүгүп келаткан өлкөлөрдө, мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдар (дүлөй адамдар да) жана алардын үй-бүлөлөрү да биригүүлөрү зарыл. Алар адистерди өздөрүнүн ой-пикири менен эсептешүүгө жана муктаждыктарына кош көңүл карабоого көндүрүшү керек.