Hesperian Health Guides
Угуусу бузук балага эмне керек
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 31-БӨЛҮМ: Дүлɵйлүк жана катнашуу > Угуусу бузук балага эмне керек
- Эгер баланын угуусу толук эмес жоголгон болсо, угуусун тагыраак кылууга, оозэки тилди мыктыраак түшүнүүгө жана, балким, сүйлөгөндү үйрөнүүгө ага жардам бере алышыбыз мүмкүн.
- Такыр укпаган балага угуусун кайтарып берүү, негизи, мүмкүн эмес. Бирок эгер ал сүйлөп баштагандан кийин дүлөй болуп калган болсо, балким, ал сүйлөгөндүн эриндеринен “окуганды” жана тагыраак сүйлөгөндү үйрөнүп кете алат.
- Эгер бала төрөлгөнүнөн тартып дүлөй жана оозэки тилди эч качан уккан эмес болсо, ал сүйлөгөндүн эриндеринен “окуу” ыкмасын жана оозэки тилди жай, чоң кыйынчылыктар менен жана, айрыкча, өзгөчө ийгиликтерсиз өздөштүрөт. Андан көрө, ага туура келүүчү башка жолдор, мисалы, адегенде көз ымдоо, бет булчуңдарын кыймылдатуу, денени кыймылдатуу, кол шилтөө, андан кийин, жаңдоо тилин, балким, дагы сүрөт тартууну, окууну жана жазууну, манжалык алиппени, мындан тышкары, балким, сүйлөгөндүн эриндеринен “окууну” жана оозэки тилди колдонуу аркылуу башкалар менен катнашууну ага үйрөтүү оң.
- Эгер бала бир бири менен жаңдоо тили аркылуу катнашкан, угуусун жоготкон адамдар бар аймакта жашаса, өзүнүн тилине баланы жана анын үй-бүлөсүн үйрөтүп коюуну алардан өтүнүү, балким, баарынан артык. Угуусу жакшы адамдар бир бири менен кадимкидей эле катнашкандай, бала ушул жол аркылуу дүлөй адамдар менен толук катнашууну үйрөнө алышат.
- Бирок эгер бала дүлөй адамдары жок кичинекей айылда жашаса жана көпчүлүк колдонгон жаңдоо тилин эч ким билбесе, мындай тилди өздөштүрүү бала үчүн анчалык деле пайдалуу болбойт. Андан көрө, эгер бала угуусу нормалдуу адамдар менен катнашуу ыкмаларын мүмкүн болушунча өздөштүрүп алса, бул ал үчүн пайдалуураак болот. Дагы бир жолу кайталайбыз: бул айылдагы адамдар колдонуп жүргөн, негизи белгилөө жана жаңдоо ыкмаларынан турган көп ар түрдүү жолдорду айкалыштырып колдонуу дегенди билдириши мүмкүн. Муну менен бирге бала сүрөттөрдү, кийин, балким, окууну жана жазууну да пайдаланышы ыктымал.
- Угуусу бузук балдардын көпчүлүгү жаңы нерселерди тез үйрөнүүгө жарашат. Бирок айрымдарынын мээси жабыркап калган же физикалык жана акыл-эсинин өнүгүүсүндө бузулуулар бар болушу мүмкүн. Мындай көйгөйлөрү жаңы нерселерди, ык-жөндөмдөрдү үйрөнүү же колдорун, эриндерин же үнүн башкаруу мүмкүнчүлүктөрүнө таасирин тийгизбей койбойт. Мындай балдарга бардык жеткиликтүү жолдор: сүрөт жыйнактарын пайдалануу, башты кыймылдатуу же көз ымдоо аркылуу айланасындагылары менен катнашуусуна жардам берүү керек.
УГУУСУ НАЧАР БАЛА МЕНЕН КАНТИП СҮЙЛӨШҮҮ КЕРЕК?
- Кыйкырбаңыз. Үнүңүздү кадимкидей эле чыгарып, так сүйлөңүз.
- Бала менен сүйлөшүп жатканда, жүзүнө түз караңыз.
- Улам кайталабай эле коюңуз. Эгер бала сиз айтканды түшүнбөсө, оюңузду ага жеткирүүнүн башка жолун издеңиз.
- Аракеттериңизди токтотпоңуз. Бала сизди түшүнмөйүнчө улантыңыз. Антпесе, “колуман келбейт экен” деп ал өзүн күнөөлөйт, бирок чынында бул сиздин колуңуздан келген жок.
- Эч нерсе алаксытпаган тынч жерди табууга аракеттениңиз. Бала көңүлүн толугу менен сизге буруусун камсыз кылыңыз.
Эскертме: Угуусу мыкты кээ бир балдар сүйлөгөндү үйрөнүшпөйт. Церебралдык шалдыгы бар балдардын айрымдары сүйлөө үчүн эриндерин жана тилин жетишерлик жакшы башкара алышпайт. Акыл-эсинин өнүгүүсү артта калган балдардын кээ бирлери абдан кеч сүйлөп башташат же ошол бойдон сүйлөшпөйт. Акыл-эси көп багыттарда зейрек болгон балдар кандайдыр бир себептен улам сүйлөй албашы мүмкүн. Бардык мындай балдар үчүн айланасындагылары менен мүмкүн болушунча толугураак катнашуусуна жардам берүүчү жолдорду издөө керек.