Hesperian Health Guides
Жакшыраак уга алуусуна балага жардам берүү
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 31-БӨЛҮМ: Дүлɵйлүк жана катнашуу > Жакшыраак уга алуусуна балага жардам берүү
- Баланын кулактарын карап, угуусун текшерип берүүсү үчүн, эгер мүмкүн болсо, адиске кайрылыңыз. Балдардын айрымдары угуу түтүгү жабык болуп же кулак түзүлүшүнүн башка дефекттери менен төрөлүшөт. Анда-санда буларды хирургиялык кийлигишүүнүн жардамы менен оңдоо мүмкүн болуп, андан балдардын угуусу жакшырат. (Эскертме. Угуусу мээ жабыркоодон улам жоголгон балдарга хирургиялык операция жардам бербейт.)
- Угуусун кулактын инфекциялык ооруларынан улам жоготкон балдардын абалын жакшыртуу үчүн, мындай инфекцияларды эртерээк дарылап баштап, жаңы инфекцияларга жол бербөө иш чараларын көрүү зарыл.
- Кээ бир балдарга добуштарды күчөтүүчү көмөкчү жасалгалар жардам берет. “Угуу аппараты” айрым балдарга айтылган сөздөрдү жетишерлик жакшы түшүнүүгө мүмкүнчүлүк ачат жана оозэки тилди түшүнүүнү үйрөнүүгө жана сүйлөп баштоого жардам берет. Башка балдар мындай жасалганын жардамы менен добуштардын өзүн жакшыраак уга алышат (бул өзү жакшы), бирок сөздөрдү бир биринен ажырата алышпайт. Эгер угуу аппараты балага чоң пайда береринде негиз бар болсо, мындай аппаратты колдонууну 1 же 2 жаштан баштоо зарыл.
| TЭң жөнөкөй жол – алакан-манжаларды түтүккө окшотуп бүгүп, кулакка жакындатуу. | “Угуу чоору” мыктыраак. Аны уйдун мүйүзүнөн, картондон же тунукеден жасоого болот. |
| Батарейка менен иштөөчү “угуу аппараты” андан да мыкты (айрым балдар үчүн). Демейде мындай аппараттар кымбат болот. Тажрыйбалуу адис баланын угуусун кылдат текшергенден кийин гана мындай аппарат тандалууга тийиш. | микрофону
батарейкалары |
| Кулагына бекитилүүчү бөлүгүн (анын формасы атайы тандалганы баарынан мыкты) бала өскөн сайын алмаштырып туруу талап кылынат. |
- Кээде, угуусу начар жаш балдарга көбүрөөк кунт коюп угуу аркылуу түрдүү добуштарды бир биринен ажыратууну үйрөтсө болот:
Түрдүү добуштарды чыгарып, бала аларга көңүлүн буруусуна аракет кылыңыз. Мисалы, короодогу эшек кыйкырганда же ымыркай ыйлаганда, катуу жана так: “Эшектин кыйкыруусун укчу” же “Бул эмне?” деңиз. Эгер бала туура жооп берсе же туура багытта көрсөтсө, аны мактаңыз.
Бала ар түрдүү добуштарды чыгарсын: мискей, казан-аяк, идиш-аяктарды чапсын, доолбас каксын, коңгуроо шыңгыратсын, ж.б.у.с. Музыканын же доолбастын ритмине жараша кыймылдайт же бийлейт бекенин байкаңыз.
Бала менен көп сүйлөшүңүз. Ага ырдап берип туруңуз. Денесинин ар кайсы бөлүктөрүн, башка нерселерди атап бериңиз. Аларды көрсөтүүсүн же аларга сөөмөйү менен тийүүсүн андан өтүнүңүз. Муну жасаганда, аны мактаңыз. Анын көңүлүн буруу жана сиз чыгарган добуштарды кайталай алуусу үчүн, кулагына канчалык жакын турууңуз жана канчалык катуу сүйлөөңүз керек экенин аныктоо максатында эксперимент жүргүзүңүз. Андан кийин ага жетишерлик жакын жерден үн катып сүйлөөгө аракет кылыңыз. Так сүйлөңүз, бирок кыйкырбаңыз.