Hesperian Health Guides

ДҮЛӨЙЛҮКТҮН АЛДЫН АЛУУ

Бул бөлүмдө:

  • Кулактын инфекциялык ооруларынын алдын алуучу иш чараларын аткаргыла (балага суук тийгенде, өтө катуу чимкирбөөнү үйрөтүңүз). Кулактын инфекциялык ооруларын алар башталганда эле дароо дарылап баштаңыз. Эгер баланын кулактары улам ооруй берсе, медициналык кызматкерге же отоларинголог доктурга (кулак оорулары боюнча адис) кайрылыңыз. Ооруп турган (инфекцияланган) кулакка жалбырактарды же кебез тампондорун салбаңыз. Ириң эркин чыккандай болсун. (Where There Is No Doctor “Үй-бүлөнүн ден соолугун үчүн” деп аталган китептин 309-бетин караңыз.)
  • Курсактагы күмөнгө зыян келтириши мүмкүн болгон дары-дармектерди кош бойлуулук учурунда колдонбоңуз. Боюңузда бар экенин доктурга билдирип, дарыны кош бойлуу аялдарга берүүгө тыюу салынгансалынбаганын текшерүүсүн андан өтүнүңүз.
  • Бойго жеткен кыздарды жана аялдарды бойго бүтө элегинде кызамык (рубелла) оорусунан эмдеңиз (бойго бүтүп калгандан кийин жарабайт). Же болбосо, кыздар бул оору менен кичинекейинде, аны менен ооруган балага кошулуп ойноо же анын жанына жатып уктоо аркылуу жугузуп, бир сыйра ооруп чыксын. Мындай жол аларга “табигый эмдөөнү” камсыз кылат. Кош бойлуу аялдар кызамык менен ооруган адамдардан оолак болушу керек.
  • Кош бойлуу кезиңизде медициналык текшерүүлөрдөн такай өтүп туруңуз.
  • Боюңузга бүтө электе жана бүткөндөн кийин мүмкүн болушунча мыкты азыктар менен тамактаныңыз, йоддолгон тузду колдонуңуз, тамагыңызга темирге, витаминдерге жана башка минералдык заттарга бай азыктарды кошуп туруңуз.
  • Ымыркайда гипотиреоздун белгилери пайда болгон-болбогонун текшерип туруңуз. Эгер белгилери пайда болсо, аларды мүмкүн болушунча эртерээк дарылап баштаңыз.
  • Баланы кызылча оорусунан (жана эгер мүмкүн болсо, сакоо оорусунан – паротиттен) эмдеңиз.
  • Мээнин жабыркап калуусуна жана церебралдык шалдыкка жол бербөө үчүн сактык чараларды сактагыла.
A child covering his ears
  • Баланын кулактарын учтуу таякчалар жана башка нерселер менен эч качан тазалабаңыз, балага да муну кылууга уруксат бербеңиз.
  • Абдан катуу добуштардан оолак болуңуз. Эгер алардан оолак болуу мүмкүн эмес болсо, балага кулактарын колдору менен жаап алууну же ал үчүн атайын тыгындарды колдонууну үйрөтүп коюңуз.




This page was updated:30 Дек 2025