Hesperian Health Guides
Сүйлөгөндүн эриндеринен “окуу”
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 31-БӨЛҮМ: Дүлɵйлүк жана катнашуу > Сүйлөгөндүн эриндеринен окуу
Угуусу абдан начар балдар оозэки тилди түшүнүшү үчүн, башка ык-жөндөмдөрдүн тышкары, далай эле учурларда, сүйлөгөндүн эриндеринен “окуганды” да билиши талап кылынат. Баланы шаштырбаңыз, антпесе ындыны (сиздики деле) тез эле өчүп калышы мүмкүн. Бала, жок дегенде, 3 жашка чыкмайынча, ага эриндерден “окууну” үйрөтпөй коё туруңуз..
Баланы жарык жерде маңдайыңызга отургузуп алып, ага бир нерсени, мисалы, топту көрсөтүңүз. Эриндериңизди балага так көрүнгүдөй кыймылдатуу жолу аркылуу жай ылдамдык менен “топ” деңиз. Бала эриндериңиз кантип кыймылдап жатканын көрсүн жана бетиңизге байкоо жүргүзсүн. Бир эле сөздү көп жолудан кайталаңыз.
Андан кийин, бала эриндерине тийип, сизди тууроого аракет кылып көрсүн.
Кийинки көнүгүү: Өзүнүн бетин жана сиздин бетиңизди көрүшү үчүн, баланы алдыңызга жана күзгүнүн алдына алып отуруңуз. “Топ” деп айтыңыз. Андан соң ал “күзгүдөгү” эриндериңизден жана бетиңизден көздөрүн албай, сөздү артыңыздан кайталасын.
| Бала эриндериңизден көздөрүн албоосун камсыз кылыңыз. |
Ушул ыкманын жардамы менен балага ар түрдүү сөздөрдү үйрөтүңүз. Айтылганда эриндердин кыймылдары даана көрүнгөн жана ушул себептен аларды бир биринен ажыратып көрүү оңой болгон сөздөрдөн баштагыла. Бала менен ойногондо жана күндөлүк тиричиликте көп колдонулган сөздөрдү тандаңыз. Бала менен сүйлөшкөндө, ал сиздин бетиңизден жана оозуңуздан көздөрүн албоосун камсыз кылыңыз. Эгер бала кайсы бир сөздү түшүнбөсө, аны белгилердин (жаңдоо тилинин) жардамы менен көрсөтүңүз. Бирок белгини сөздү айткандан кийин көрсөтүңүз, бир убакта эмес. Бала көңүлүн дароо экөөнө тең бура албайт.
Баланы угуусу кадимкидей эле башка балдарга кошуп, орусча “пантомима” деп аталган ыкманы (дене кыймылдары жана ымдоо-жаңдоо аркылуу катнашуу) колдонуп ойнотсоңуз болот.
Тилекке каршы, айрым ар башка тыбыштарды, мисалы, “к”, “г” жана “х” тыбыштарын чыгарууда эриндер өтө эле окшош кыймылдайт. “п”, “б” жана “м” тыбыштары, “т”, “д”, “с” жана “з” тыбыштары дээрлик бирдей көрүнөт. “ч” жана “ж” тыбыштары жөнүндө да так эле ошондой айтууга болот. Окшош сөздөрдү бир биринен айырмалоосуна балага жардам берүү үчүн, белгилерди (жаңдоо тилин) колдонуңуз же, мисалы, дененин бөлүктөрүн, кийимди же тамак-ашты көрсөтүү аркылуу түшүнүүсүнө көмөк кылыңыз. Мисалы:
| Эгер апасы маңдайына тегерек тартып алып жүрсө, | ал эми атанын жаагында тырыгы бар болсо, | үйдөн алар жөнүндө сүйлөшкөндө, “сыйкырдуу белгини” колдонсо болот..”. | |