Hesperian Health Guides

ЖАРДАМ ҮЧҮН КАЙДА КАЙРЫЛСАҢЫЗ БОЛОТ

Бул бөлүмдө:

Угуусу бузук бала кошумча жардамга муктаж. Мындай жардам үчүн кайда кайрылуу керектиги жашаган аймагыңыздан, мындан тышкары, коомчоңузда жана өлкөңүздө кандай ресурстар бар экенинен көз каранды. Төмөндө мүмкүн болгон варианттардын айрымдары келтирилген:

  • Эгер дүлөй балага дос жана мугалим, ал эми анын үй-бүлөсүнө кеңешчи болуусун алардан өтүнсөңүз, көп учурда алар мындай өтүнүчтү кубаныч менен кабыл алышат. Алар кичинекейинде башынан өткөргөн кыйынчылыктарын жана жалгыздыгын эстеп, балага жардам берүүнү каалашы мүмкүн.

Эгер мындай адамдар “улуттук жаңдоо тилин” билишсе жана кулагы начар уккан башка адамдар менен толук катнаша алышса, булардын жардамы өзгөчө пайдалуу болот. Эгер сиз жашаган жерде мындай адам жок болсо, бирок ал жакынкы шаарда бар болсо, бала ошол адамга же угуусу начар адамдардын тобуна барып туруусун, балким, камсыз кылуу мүмкүн.

an older man communicating in sign language with a child while a woman watches.
Угуусун көп жылдар мурун жоготкон жана башкалар менен белгилөө ыкмасы аркылуу катнашууну үйрөнүп алган адамдар – көп учурда, дүлөй бала жана анын үй-бүлөсү үчүн эң мыкты мугалимдер.
  • Угуусу бузук балдары бар башка үй-бүлөлөр. Эгер дүлөй балдары бар бир нече үй-бүлө тажрыйбасы менен бөлүшүп, бир биринен үйрөнүп туруу үчүн чогулуп турушса, бул чоң жардам жана колдоо болот. Кичүүрөөк балдар угуусу бузук улуураак балдардан же чоңдордон жаңы нерселерди үйрөнүүгө мүмкүнчүлүктөр ачылат. Алар бардык балдар жана алардын жакындары үчүн бир бирин түшүнүүнү мүмкүн кылуучу катнашуу ыкмасын чогуу иштеп чыга алышат.
  • Дүлөйлөрдүн улуттук бирикмеси (же дүлөй адамдар иштеткен иш тобу). Көпчүлүк өлкөлөрдө дүлөй адамдардын уюмдары бар. Алар сиздин өлкөдө колдонулган улуттук жаңдоо тили тууралуу маалымат жана, балким, аны үйрөнүү үчүн китептер менен сизди камсыз кылышы мүмкүн. Алар сизге дүлөйлөрдү окутуу программалары (мамлекеттик, жеке жана диний) жөнүндө айтып бериши жана алардын кайсылары сизге туура келери тууралуу кеңеш бериши ыктымал. Алар атүгүл жергиликтүү медициналык кызматчыга, мугалимге, үй-бүлө мүчөсүнө же мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балага башкалар менен катнашуу ык-жөндөмдөрүнүн негиздери боюнча кыскача даярдоодон өтүүнү сунуш кылышы мүмкүн. Андан кийин булар башкаларды үйрөтүшөт.
  • Дүлөйлөр үчүн программаларда же мектептерде жүргүзүлүүчү “атайын окутуу”. Көптөгөн өлкөлөрдө дүлөйлөр жана угуусу начарлар үчүн атайын мектеп-интернаттар бар. Мындай мектептерде мыкты программалар колдонулушу мүмкүн, бирок кээде алардын программаларынын сапаты жетишерлик мыкты болбойт. Мыкты программалар бала менен катнашуунун түрдүү ыкмаларын камтыйт. Бул ыкмалардын ичинен конкреттүү балага анын жеке жагдайында туура келгени тандалат. Сапаты начар программаларда дүлөй балдардын бардыгына башкалар менен катнашуунун бир гана ыкмасы (сүйлөгөндүн эриндеринен “окуу” же оозэки тил) үйрөтүлөт. Жардам берүүнүн мындай жолу баланын үйрөнүүсү оңунан чыкпай калуусуна, анын ачуулуу болуп кетүүсүнө жана эмоционалдык ахывалынын кескин начарлоосуна алып келиши мүмкүн (264-бетти караңыз). Атайын окуудан өткөн, угуусу бузук адамдардан кеңеш алууга аракет кылыңыз.


Геспериан фондунун Helping Children Who Are Deaf (Дүлөй балдарга жардам берүү) деп аталган китебинде (640-бет) дүлөй балдар башкалар менен мүмкүн болушунча толугураак катнашууну үйрөнүп алуусуна көмөк берүү тууралуу көп ойлор келтирилген. Бул китеп ата-энеге угуусу бузук баласына карата туура чечимдерди кабыл алуусуна да жардам берет.



This page was updated:30 Дек 2025