Hesperian Health Guides

“Комплекстүү катнашууну” үйрөнүүсүнө балага жардам берүү

Бул бөлүмдө:

a man speaking to a child as she points to objects, pictures, and words.
  • Бала колдоруңузду, бетиңизди жана эриндериңизди көрүшү үчүн, уйрөтүү жайы жарык болушу керек.
  • Бала менен сүйлөшкөндө, ал менен бетме-бет туруп, ал сизди кароосун камсыз кылыңыз.
  • Атүгүл бала сизди түшүнбөсө деле, ал менен көбүрөөк сүйлөшүп туруңуз. Колдоруңар, беттериңер жана эриндериңер менен сүйлөшкүлө жана бала сизге байкоо жүргүзүүсүнө аракет кылыңыз.
  • Үн катып, так сүйлөңүз, бирок кыйкырбаңыз жана оозуңуздун жана эриндериңиздин кыймылдарын күчөтпөңүз. Бул балага кадимки эле тилди түшүнүүнү үйрөнүүсүнө жардам берет.
  • Сабырдуу болуңуз жана бир эле нерсени көп-көптөн кайталап айтыңыз.
  • Кайсы бир нерсе колунан жакшы келгенде, ага канааттанганыңызды көрсөтүп турууну унутпаңыз.
  • Бала чыгара алган добуштардын бардыгын оозунан чыгарып туруусуна аны шыктандырыңыз. Бул анын үн байламталарын бекемдеп, аларды сүйлөөгө даярдашы мүмкүн.
  • Балага белгилерди (жаңдоо ыкмасын) жана аларга тийешелүү сөздөрдү үйрөтүү үчүн, карамагыңызда оюнчуктардан, сүрөттөрдөн жана башка буюмдардан көбүрөөк болсун.
  • Үйрөтүүнүн өзүн кызыктуу кылыңыз. Мисалы, “Саймон айтып жатат” деп аталган, балдарга көздөрүн, кулактарын, денесин колдонуусуна жана бир бирин тууроосуна жардам берүүчү оюндарга башка балдарды да тартыңыз.
  • Эриндерди, тилди жана ооз булчуңдарын көнүктүрүүчү оюндарды колдонуңуз. Дүлөй балада бул булчуңдар алсыз болуп кетиши мүмкүн, бул сүйлөөнү кыйындатып гана тим болбостон, баланын бетин жансыз жана эч маанисиз кылат. Эриндерди жана ооз булчуңдарын бекемдөө жана башкаруу боюнча көнүгүүлөрдү караңыз.
  • Балаңыздын курбулары колдонгон жана балаңызга биринчи кезекте үйрөткүңүз келген сөздөрдүн тизмесин түзүңүз. Ошол тизмеге төмөнкүлөрдү да кошуңуз:
  • үйрөнүү жана оюндар үчүн пайдалуу сөздөр: ооба, жок, ырахмат, эч нерсе эмес, эмне, кыл, кылба, жагат, каалайм
  • тиричиликтеги жана кызыктуу объектилер: дененин бөлүктөрү, жаныбарлар, кийим, тамак-аш
  • кыймыл-аракетти билдирген сөздөр: келүү, кетүү, баруу, жеө, ичүү, уктоо, берүү, коюу, көрүү, угуу, жуу, басуу, чуркоо, ойноо, жазуу
  • адамдар: сен, мен, ал, биз, силер, алар, апа, ата, Хуан, Мария, үй-бүлөнүн башка мүчөлөрүнүн аттары
  • сүрөттөөчү сөздөр: кичинекей, чоң, өйдө, ылдый, семиз, арык, жакшы, жаман, ысык, муздак, күн, түн


Чакан тизмеден баштап, аны бара-бара толуктаңыз. Бул сөздөрдү күндөлүк иш аракеттер (тамактандыруу, киринтүү, кийинтүү, оюндар) учурунда көбүрөөк колдонуңуз. Үй-бүлөнүн бардык мүчөлөрү ушул тизмедеги сөздөрдү жаттап, аларды белгилердин жардамы менен көрсөтүүнү үйрөнүшсүн. Аларды бул сөздөрдү жана аларга тийешелүү белгилерин бала менен катнашууда гана эмес, бир бири менен катнашканда жана үй тиричилик жумуштары жана башка иштерди аткарууда да колдонуусуна шыктандырыңыз. Ушундай жол менен бала ойноп, байкоо жүргүзүп, тыңшап (мүмкүн болушунча) жана туурап жатып, тилди үйрөнөт. Балдардын көпчүлүгү так ушундай жол менен тилди үйрөнүшөт.

a flash card showing a hat with the word and finger spelling signs.
  • Бала бир аз чоңойгондо, аны тамгалар жана сөздөрдүн жазуу түрүндө сүрөттөлүштөрү менен тааныштырып баштаңыз. Үйдөгү буюмдарга биринчи тамгаларын же алардын толук аталыштарын жазып койсо, же буюмдар көрсөтүлгөн жана алардын аталыштары даана көрүнгөн, чоң тамгалар менен жазылган сүрөттөрдү даярдаса болот. Же болбосо, эгер төрт бурчтуу кагаздардын бирине буюмдардын сүрөттөлүштөрүн жайгаштырып, ал эми башка кагаздарга алардын аталыштарын жазып койсо, бала бир бирине байланышы бар кагаздарды таап ойной алат. Мындай ыкма тамгаларга негизделген белгилердин колдордун жардамы менен сүрөттөлүштөрүн түшүнүүсүнө балага жардам берет. Бул аны жазма жана белгилик алфавиттерди өздөштүрүүгө жана окуу менен жазууну үйрөнүүгө даярдайт.




This page was updated:30 Дек 2025