Hesperian Health Guides
ЖАҢДОО ТИЛИ
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 31-БӨЛҮМ: Дүлɵйлүк жана катнашуу > ЖАҢДОО ТИЛИ
| “Бул ийбадаткана.” | “Бул анын чатыры.” | ||
| “Эшиктерин ач.” | |||
| “Ошондо адамдарды көрөсүң.” | |||
Дүлөй баласы бар үй-бүлөдө жергиликтүү жана өздөрү ойлоп чыгарган белгилерди колдонушат. Мисалы, Мексикадагы айылдык реабилитациялык борборго ата-энеси качырга 6 жаштагы дүлөй уулун кошо мингизип алып келишкен. Бир убакта баланын тынчы кетип, үйүнө кеткиси келе баштады. Ал атасын жеңинен тартып, жаңдоо ыкмасын колдонуп, ага төмөнкүлөрдү көрсөткөн.
Аларга муну эч ким үйрөтпөсө деле, бул үй-бүлө өзүнүн жаңдоо тилин ойлоп чыгарган. Бала “КАЧЫРГА МИНИП АЛЫП” дегенди сүрөттөчү белгини өзү ойлоп тапкан.
Негизинен, дүлөй балдары бар үй-бүлөлөр ойлоп чыгарган жаңдоо тилдери толук эмес болот. Көпчүлүк учурларда алардын катнашуусу кыйынчылыктарга такала берет. Бирок аракеттерин бириктирип, толук жаңдоо тилдерин иштеп чыккан адамдар да араларынан табылып жүрөт. Жаңдоо тилдердин түрлөрү жүздөп саналат, бирок алардын негизги 3 түрү бар:
- Улуттук жана регионалдык жаңдоо тилдери. Дээрлик бардык өлкөлөрдө дүлөй адамдар өздөрүнүн жаңдоо тилдерин иштеп чыгышкан. Угуусу нормалдуу адамдар бир бири менен кандай катнаша алышса, булар деле бул тилдери аркылуу бир бири менен ошондой эле көлөмдө жана дээрлик ошончолук тез эле катнашканды үйрөнө алышат. Колдору көрсөткөн түрдүү белгилер түрдүү нерселерди, кыймыл-аракеттерди жана түшүнүктөрдү билдирет. Бул тилдердин түзүлүшү (грамматика) фонемдик тилдин түзүлүшүнөн айырмаланат. Андыктан, угуусу нормалдуу адамдар үчүн бул тилдерди өздөштүрүү кыйын болушу мүмкүн. Тубаса дүлөй адамдар бул тилдерди баарынан артык көрүшөт. Мисал катары АКШда жана Канадада колдонулган, Америкадагы (ASL) жана Мексикадагы жаңдоо тилдери келтирилген.
- Фонемдик (оозэки) тилдерге негизделген жаңдоо тилдери. Мындай тилдер фонемдик тилдердей эле түзүлөт жана грамматикалары да окшош келет. Кулактары уккан жана угуусун сүйлөгөндү үйрөнгөндөн кийин гана жоготкон адамдар үчүн мындай тилдерди үйрөнүү оңоюраак. Кээде белгинин бир бөлүгү катары тийиштүү сөздүн (манжалык алфавитти боюнча) биринчи тамгасы колдонулат. Окуганды билбеген балдар үчүн мындай тилди үйрөнүү кыйыныраак, бирок эгер алар аны үйрөнүп алышса, окуганды үйрөнүүсү жеңилирээк жана кызыктуураак болушу мүмкүн. Мисал катары Англиядагы жана Испаниядагы жаңдоо тилдери келтирилген.
- Манжалык алфавит. Ар бир сөз кадимки тамгалардан терилет, ар бир тамга колдун жардамы менен белги түрүндө түзүлөт. Кадимки алфавитте канча тамга бар болсо, мындай алфавитте да тийешелүү ошончо белги бар. Мындай “абада жазуу” ыкмасы жай болот, бирок ойду так жеткире алат. Окуганды жана жазганды билгендер үчүн аны үйрөнүү оңоюраак. Англис тилин алып карасак, британдыктар эки колду колдонгон системаны, ал эми америкалыктар бир гана колду колдонгон системди колдонушат. Өлкөңүздө колдонулган системаны үйрөнүүгө аракет кылыңыз.
Угуусу бузук адамдардын көбү ушул 3 системди айкалыштырып колдонушат. Дүлөй же угуусу начар адамдар менен катнашканда, алар негизинен биринчи системди пайдаланышат; кулактары уккан адамдар же “котормочу” менен катнашканда, алар көбүнчө экинчи системди колдонушат, ал эми татаал сөздөрдү манжалык алфавиттин жардамы менен түшүндүрүшөт. Жаңдоо тилин билбеген адам менен “сүйлөшкөндө”, алар оюндагысын жазып жеткиришет же алфавиттен терип түшүндүрүшөт.
Мазмуну
Жаңдоону (белгилерди колдонууну) үйрөтүү
Эгер мүмкүн болсо, өлкөңүздөгү дүлөй жана угуусу начар адамдардын бирикмеси менен байланышып, алардан сиздин аймакка же улуттук оозэки тилге ыңгайлаштырылган жаңдоо тили боюнча колдонмону алууга аракет кылыңыз. Эгер бул мүмкүн болбосо, жергиликтүү белгилерди жана жаңдоолорду колдонсоңор же өзүңөрдүкүн ойлоп чыгарсаңар болот.
Кийинки беттерде биз мындай белгилерди кантип ойлоп чыгаруу керектиги тууралуу бир нече сунушубузду жана тиричиликте колдонулган сөздөрдүн белгилеринин мисалдарын келтирдик. Көпчүлүк учурларында, алар – Американын жаңдоо тилинде колдонулуучу белгилер. Аларды сиздин аймагыңызда пайдаланылган жаңдоолорго, үрп-адаттарга жана тилге жараша өзгөртүп алууңар оң болот болуш керек. Бир нече мисал карайлы:
- Жергиликтүү калкка акарат кылбаган белгилерди тандаңыз. (Ансыз деле адамдардын дүлөй адамдарга карата болгон мамилеси мыкты эмес.) Бир нече мисал:
- Жергиликтүү белгилерди колдонуңуз. Эгер аймагыңызда жашаган адамдардын арасында кайсы бир түшүнүктү билдирген белги же жаңдоо бар болсо, жаңысын ойлоп чыгаруунун же чет жактан келгенди пайдалануунун ордуна аны колдонуңуз. Мисалы:
- Түрдүү белгилерди көрсөтүү үчүн, колуңарды ар түрдүү абалдарда, формаларда, ар түрдүүчө жана ар кайсы багыттарда кыймылдатып колдонуңуз. Беттин түрү (мимика) да көп нерсени мыктыраак жеткирүүгө жардам берет. Мисалы, төмөнкү белгилер “АПА” деген сөздү билдирет.
- Белгилер алар сүрөттөгөн буюмдарды же кыймыл-аракеттерди элестетүүсүнө аракеттенгиле. Ал үчүн, колдордун формасын алардын кыймылдары менен айкалыштырып колдонсоңуз болот.
- Бир бирине байланыштуу жана карама-каршы маанилүү нерселер жана кыймылдар үчүн окшош белгилердин топторун жана серияларын иштеп чыккыла. Мисалы:
Колдордун жардамы менен буттарды көрсөткөн белгилерди "БЕЛГИЛЕРДИН МИСАЛДАРЫ" караңыз..
- Манжаңызды ар кандай нерселерге багыттоо аркылуу жаңы белгилерди өздөштүрүңүз.
- Түшүнүктөрдү же бүтүндөй сүйлөмдөрдү жеткирүү үчүн, нерселерди жана кыймыл аракеттерди сүрөттөгөн белгилерди айкалыштырып колдонгула. Сөздөрдү сөзсүз эле оозэки тилдегидей жайгаштыруунун зарылдыгы жок – кээ бир “ашыкча” сөздөрдү, мисалы, багыттарды билдиргендерин (буларды тийиштүү кыймылдар аркылуу берсе болот) колдонбой эле коюу мүмкүн.
- Айрым белгилерди сүрөттөө үчүн, алфавит тамгаларын колдонуу керек-керек эместигин чечиңиз. Кээ бир жаңдоо тилдеринде тигил же бул сөздү белги менен көрсөтүү үчүн, анын оозэки тилдеги же жазуудагы биринчи тамгасы колдонулат. Окуганды билбеген бала башында анын маанисин түшүнбөгөндүктөн, ал үчүн кыйын болот. Бирок бул баланы окуганды жана манжалык алиппени үйрөнүүгө даярдайт. Бирок үйрөтүүдө системалык көз карашты жана ырааттуулукту кармануу зарыл. Мисалы:
(дарбыз)
Эстен чыгарбаңыз! Тамгаларга негизделген белгилер сиздин тилдеги тийиштүү сөздөрүнө дал келүүсү зарыл. Мисалы, испанча “дарбыз” – “sandia”, андыктан англис тилинде сүйлөгөн өлкөлөрдөгү белгиси испандыктарга эч мааниге ээ эмес. Испан тилиндеги, дарбызды көрсөткөн, белгиси мындай:
- Адамдын атын анын атынын биринчи тамгасын колдонуу, ошол адамдын ага гана мүнөздүү сапатын (белгисин) көрсөтүү, же биринчини жана экинчини чогуу колдонуу аркылуу жеткирсе болот.
СУРОО БЕРҮҮ
БЕЛГИЛЕРДИН МИСАЛДАРЫ
Төмөндө келтирилген белгилер негизинен АКШда (Америкадагы жаңдоо тили) колдонулат. Бир нече белги, алар түшүнүүгө оңоюраак болгондуктан, Непалдагы, Ямайкадагы жана Мексикадагы тилдерден алынган. Биз эрте өздөштүрүлгөндө жана балдар менен бирге ойноо үчүн пайдалуу нерселерди жана кыймыл-аракеттерди тандадык. Биз аларды, негизинен, жалпы идеяны сизге жеткирүү үчүн коштук. Аларды аймагыңызга жараша өзгөртүп ыңгайлаштырыңыз.
| белгинин сүрөттөлүштөрүндө колдордун кыймылдоо багыттарын көрсөтөт. | |
| |
белгиге кошулганда, колду же манжаларды силкилдетүүнү билдирет. |
| белгинин баштапкы абалын көрсөтөт. | |
| ||
Эскертме: Мында келтирилген белгилердин айрымдары алфавит тамгаларына негизделген (мисалы, “ал” белгисинде “Т” тамгасы, ал эми “биз” белгисинде “W” тамгасы колдонулат. Эгер сиз башка тилде сүйлөсөңөр же тамгалар менен белгилөөнү колдонууну туура көрбөсөңөр, бул белгилерди алмаштыргыла.
САНДАР (жайнаган системдердин бири)