Hesperian Health Guides
АРТРИТИ БАР ТИЗЕ МУУНУН күндөлүк тиричиликте машыктыруу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > АРТРИТИ БАР ТИЗЕ МУУНУН күндөлүк тиричиликте машыктыруу
БАСУУ. Басуу – эгер бала ооруган бутуна белгилүү бир өлчөмдөгү салмак келтирсе – сан булчуңдарын күчтөнтүп бекемдөө үчүн эң мыкты көнүгүүлөрдүн бири.
Артритте балдактарды эмес, таякты пайдаланууга аракет кылгыла. Балдактардан контрактуралар пайда болушу мүмкүн. | ТУУРА ЭМЕС | ТУУРА | Таяк алсыз булчуңдарды бекемдөөгө жана контрактуралардын алдын алууга жардам берет. |
![]() |
![]() Таякты колдонгондо, дененин салмагынын бир бөлүгүн артрити бар бутка келтирүү зарыл. Мындан тизени жазып түздөөчү булчуңдар күчтөнүп бекемдейт. |
||
АЛДЫН АЛА ЭСКЕРТҮҮ! Эгер бала балдактарды колдонуп, салмагын артрити бар бутуна келтирбесе, мындай жагдайда тизесин бүгүүчү гана булчуңдары күчтөнүп бекемделип калат. |
Артриттин күчү басаңдап, муундар азыраак ооруган мезгилдерде бала активдүү болууга тийиш. Балага – эгер муундарынын катуу оорушуна алып келбесе – ары-бери чуркоо, велосипед тебүү же узак убакыт сейилдөө пайдалуу. Ишмердиктин бул түрлөрү сандын алсыз булчуңдарын күчтөнтүп бекемдейт |
Бала көмөкчү каражаттарсыз эле жетишерлик жакшы басып калганда, согончокторго туруп басуу ал үчүн пайдалуу көнүгүү болушу мүмкүн. (Эгер таман сөөк - жото жилик муундарында да артрит бар болсо, мындай көнүгүүнү аткаруу мүмкүн эмес болушу ыктымал. Бирок баары бир аны да жасап көргүлө!) | ||
![]() |
![]() |
![]() | |
Горизонталдуу бет боюнча басууга салыштырмалуу өйдөлүш боюнча чыгуу сан булчуңдарын көбүрөөк иштетип күчтөнтөт. |
![]() |
![]() |
СУУДА СҮЗҮҮ. Артрит менен ооруган бала үчүн эң мыкты көнүгүүлөрдүн бири болуп эсептелет. | Суу бетинде жатуу жана сууда ойноо – булар да мыкты көнүгүүлөр. Суу денени калкытып көтөрүүгө жана колу-буттарды абасыз мейкиндиктегидей кыймылдатууга мүмкүнчүлүк берет. Ошол эле убакта, суу чоң каршылык кылбайт |