Hesperian Health Guides
Артрити бар, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарындагы контрактураларды оңдоо
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > Артрити бар, жамбаш сөөк - кашка жилик муундарындагы контрактураларды оңдоо

Эгер мүмкүн болсо, баланы курсагына да жаткырып туруңуз.

Бала буттарын жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундарында жазып түздөп туруусу менен коштолуп турган оюндарды же көнүгүүлөрдү ойлоп чыгарыңыз. Бул мисалда устунга бекитилген желекче көтөрүлүп, илинип турган ашкабакка тийиши үчүн, бала аны бут кетмендеринин жардамы менен айлантып кыймылдатып жатат. Мындай көнүгүү бутту түздөөчү булчуңдарды бекемдөөгө жардам берет.
Баланын омуртка тутуму, жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундары улам көбүрөөк түздөлгөн сайын, гамакты катуурак тартып койсо, ал эми таякчага, желекченин жанына, кошумча жүк бекитип койсо болот.

Жамбаш сөөк - кашка жилик муундарында контрактуралары бар балага басып баштоосуна, сүрөттөгүдөй, колго жасалган бастыргыч жардам бериши мүмкүн. Бастыргыч колдонулганда, колдорду жана буттарды жазып түздөөчү булчуңдар бекемделет.
Буттар жамбаш сөөк менен болгон ашташтарында жана тизелеринде улам көбүрөөк жазылып түздөлгөн сайын, бастыргычтын ийин тирөөчтөрүн жана отургучун бир аз көтөрүп койсо болот. Бала арты менен алдыга басканы баарынан мыкты (“Крабды туура!”). Мындай ыкма менен басканда, бала бутун жазуучу булчуңдарын күчтөндүрүп бекемдейт. Кадимкидей, алды менен алдыга басканда, бутун бүгүүчү булчуңдары көбүрөөк күчтөнүп бекемделет – бул контрактуралардын ого бетер күчөөсүнө алып келиши мүмкүн.