Hesperian Health Guides
АРТРИТТЕН ПАЙДА БОЛГОН КОНТРАКТУРАЛАРДЫ ОҢДОО
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > АРТРИТТЕН ПАЙДА БОЛГОН КОНТРАКТУРАЛАРДЫ ОҢДОО
Контрактуралардын пайда болушунун себептери, алдын алуу чаралары жана аларды оңдоо тууралуу жалпы маалыматты 8-бөлүмдөн караңыз. Муундардын толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоочу жана булчуңдарды күчтөндүрүүчү көнүгүүлөр контрактуралардын калыптануусуна жол бербөөгө же жаңыдан калыптанган контрактураларды оңдоого жардам берет (42-бөлүм). Оор контрактураларды оңдоо үчүн, муундарды чоюуга жардам берүүчү каражаттар же гипстөө ыкмасы керек болушу мүмкүн (59-бөлүм. Контрактураларды оңдоо үчүн, гипстөө ыкмасы же башка көмөкчү каражаттар колдонулганда деле, колду же бутту жазуучу булчуңдарды бекемдөө үчүн, кыймылсыз көнүгүүлөрдү да аткарып туруу абдан маанилүү.
АРТРИТИ БАР КОЛДУ ЖЕ БУТТУ ГИПСТӨӨДӨГҮ САКТЫК ЧАРАЛАР
1. Муунду адегенде андагы сөөк ашташынан чыгып кеткен-кетпегенине текшериңиз. Сөөктөрдү ары-бери, бир капталдан экинчи капталга кыймылдатып көрүңүз. | ![]() | |
ЭСКЕРТҮҮ! Эгер муундагы сөөк ашташынан жарым-жартылай чыгып кеткен болсо же ашташ өтө бош болсо, гипстөө ыкмасын же муунду чоюучу каражаттарды колдонбой эле койгон оң, антпесе сөөк ашташынан биротоло чыгып кетиши мүмкүн. Андан көрө, муунду кокустатып албоо үчүн чоң этияттык менен көнүгүүлөрдү уланта берген оң. |
2. Эгер сөөк ашташынан чыгып кеткенин көрсөткөн эч кандай белги байкалбаса, муунду көп оорутпай, кичинеден мүмкүн болушунча жазып түздөңүз. |
ТӨМӨНКҮДӨЙ | ||
![]() |
Сөөктөр сүрөттө көрсөтүлгөндөй туура абалында кармалышы үчүн, бутту тизенин астынан кармаңыз. | ![]() |
МЫНДАЙ ЭМЕС | ||
![]() |
![]() Сөөк ашташынан чыгып кеткен. | |
ЭСКЕРТҮҮ! Төмөнкүдөй тартпаңыз – сөөк ашташынан чыгып кетиши мүмкүн. |
3. Муунду өтө катуу оорутпай, мүмкүн болушунча жазгандан кийин, бутка этияттык менен гипстик таңууну ороңуз. | |||
![]() | |||
Гипстик таңуу катыганча, сөөктөр туура абалында, ал эми муун жазылган абалында козголбой кармалышы үчүн, бул жерлерди токтотпой басып туруңуз. | |||
4. Бут (же кол) гипстик таңууда болгон мезгилде күнүгө бир нече маал кыймылсыз көнүгүүлөрдү үзбөй аткарып тургула. Бул муунду жазуучу булчуңдардын күчүн сактоого жардам берет. | |||
![]() Бала булчуңун түйгөндө, тизе томугу кыймылдайт бекенин текшерүү үчүн, гипстик таңуунун тизе томугуна дал келген бөлүгүн кесип алып салсаңыз болот. | |||
5. Ар 2 күн сайын гипстик таңууну чечип, муунга жылуу компресс басып, муундун толук көлөмдө кыймылдоо ийкемдүүлүгүн сактоого жардам берүүчү көнүгүүлөрдү муунду кичинеден бүгүү жана жазуу жолу менен аткарып туруңуз. Андан кийин, бутту этияттык менен дагы бир аз жазып, ага жаңы гипстик таңууну ороңуз. | |||
![]() | |||
МААНИЛҮҮ! Эски гипстик таңууга шынаа сымал астарлыктарды салуудан көрө, жаңы гипстик таңууну колдонгон оң, антпесе сөөк ашташынан чыгып кетүү коркунучу пайда болот. |
![]() Инес Санчес
4-ноябрь
8-ноябрь
12-ноябрь
17-ноябрь
22-ноябрь |
6. Тизе толук түздөлмөйүнчө же аны андан ары түздөө мүмкүн эмес болуп калмайынча, бутка ар 2 күн сайын жаңы гипстик таңуу ороо жолу менен тизени түздөөнү улантыңыз. Өзгөрүүлөрдү, сүрөттө көрсөтүлгөндөй, каттаңыз (5-бөлүм). Тизе андан ары түздөлбөй калганын жана гипстеп таңууну токтотууга убакыт келгенин туура аныктоо үчүн, ушул ыкма жардам берет |