Hesperian Health Guides

Ооруган муундарды эс алдыруу жана кыймылдатуу үчүн абада калкытуучу жасалгалар

Бул бөлүмдө:

Артрити бар муундарды көнүктүрүү максатында аларды ашыкча чыңалуудан эс алдыруунун жана аларга ашыкча салмактын келүүсүн азайтуунун эң мыкты жолу – жылуу суунун бетинде калкуу. Эгер бул мүмкүн болбосо, ысык компресстерди басуудан кийин, колду же бутту жөнөкөй жасалганын жардамы менен – суунун бетинде эркин калкыткансып – илип койсо болот.

АРТРИТИ БАР БУТТУ ИЛИП “КАЛКЫТУУ”

a child in a hanging device
жаздыктар, губкалуу резинке же жумшак башка материал
велосипеддин камерасы же серпилги
“Абада калкытуучу” мындай жасалганын элементтерин илинген бутту бардык багыттарда оңой кыймылдатууну мүмкүн кылгандай кылып орнотуңуз
Бут кетменине кармап туруучу таңууну “8” санындай ороо ыңгайлуураак.
DVC Ch16 Page 145-2.png
DVC Ch16 Page 145-3.png

Буту же колу илингенден кийин, бала адегенде денесинин булчуңдарын бошоңдотсун. Андан соң, бутун этияттап арыбери терметсин.

Баланын буту, селкинчек термелгендей, салмагынын таасири астында кыймылдасын. Буту жамбаш сөөк - кашка жилик жана тизе муундарында толук (же мүмкүн болушунча) бүгүлмөйүнчө, анан жазылмайынча термелүү амплитудасын көбөйтүүнү уланткыла.

Бул көнүгүүнү оюнга айлантуунун жолдорун издеңиз.

Мисалы, бала ашкабактарды же оюнчук төрт бурчтуктарды түпкүчтөн кулатышы, ал эми дагы бир бала аларды кайрадан түпкүчкө тизиши керек. Мындай мелдешти кимиси утаар экен?

DVC Ch16 Page 145-4.png

Ашкабактарды барган сайын улам алысыраак тизүү жолу аркылуу баланы, аларды кулатуу үчүн, бутун улам көбүрөөк сунуп түздөөсүнө аргасыз кылууга болот. Бала бутун мүмкүн болушунча сунуп түздөгөндө, аны кайра бүгө элек ушул абалында бир топ убакыт кармап турсун.

Бала бул көнүгүүлөрдү чалкасынан жатып алып, бутун сыртты көздөй (бир жагына) термелтүү жолу менен да аткарсын. Мындай көнүгүүлөр буттардын Х-кейпилүү контрактураларынын калыптануусуна жол бербөөгө жардам берет.
boy talks to an exercising child
DVC Ch16 Page 146-1.png
Бала үстөлдүн четине отуруп же жатып алып, бутун термелтсе болот. Бала бутун мүмкүн болушунча өйдө жана артын көздөй термелтсин. Көнүгүүнү оюнга айлантыңыз.


Мындай жасалга тизени жазуучу булчуңдарды күчтөнтүп бекемдөөгө жардам берет. Бул ыкма кызыл ашыкка жүк бекитип көтөрүү ыкмасына салыштырмалуу эффекдүүрөөк, анткени тизе бүгүлүп турганда, бут тартыла берет.
someone talks to an exercising child
Идишке таш же металл бир нерсе салыңыз. Анын салмагы бала тизесин толук жазып түздөй ала тургандай болууга тийиш. Булчуңдарынын күчү көбөйгөн сайын, жүктүн салмагын да жогорулатыңыз.


Негизинен, колдор үчүн көнүгүүлөр буттар үчүн көнүгүүлөргө окшош:

ЧАЛКАСЫНАН ЖАТЫП КАПТАЛДАП ЖАТЫП
child exercises while lying up
Колун тулкусунан алыстатып термелтсин.
child exercises while lying on the side
Колун алдын жана артын көздөй термелтсин.
Бул көнүгүүлөрдү колго ысык компресстерди басып алып жасоого болот.
жана ОТУРУП АЛЫП
child exercises while sitting
Колунун ийнинен чыканагына чейинки бөлүгүн мүмкүн болушунча өйдө-ылдый термелтсин.
Баланы колу-буттарын ритмдүү, мисалы, музыканын тактына жараша кыймылдатууга кызыктырыңыз. Муундары оорушун унутуп калуусуна жардам берүүгө аракеттениңиз. Эгер балада бир нерсеге – оюнга же музыкага – кызыгуу жаралса, бул булчуңдарынын ийкемсиздигин азайтууга жардам берет.

Бул кыймылдарды баланын күндөлүк тиричилигиндеги ишмердигине кошуу жолдорун издеңиз.





This page was updated:23 Май 2025