Hesperian Health Guides
ЮВЕНИЛДИК АРТРИТ боюнча кошумча маалымат
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > ЮВЕНИЛДИК АРТРИТ боюнча кошумча маалымат
Мазмуну
Ювенилдик артриттин 3 түрү бар:
- Системдик – ысытма менен коштолуучу: Күн ичинде баланын денесинин температурасы бир нече жолу жогорку көрсөткүчтөргө чейин көтөрүлөт, денесинде бүдүр-бүдүр темгилдер пайда болот, ооруксунуп, арып чарчап турганы даана байкалат. Бала абдан оорулуу өңдөнөт. Ушунун баарын эсепке алганда, муундарынын оорушу анчалык олуттуу болуп сезилбейт, мындан тышкары, муун ооруу башка белгилеринен бир нече күн же ай өткөндөн кийин пайда болот. Балада оор формадагы анемия өрчүшү мүмкүн (терисинин өңү-түсү кубарып кетет).
- Полиартикулярдык – көп муунду жабыркатуучу: Баланын бештен ашык мууну сезгенип, катуу ооруйт. Муундары ооруганынан улам бала аз кыймылдайт. Көп учурда олуттуу контрактуралар калыптанат. Баланын денеси начар өсөт, анын жыныстык жактан жетилүүсү жайлайт
- Олигоартикулярдык – муундардын азыраак санын жабыркатуучу: Бештен кем муун жабыркайт. Бир нече айдан же жылдан кийин жабыркаган муундардын саны көбөйөт. Омуртка тутумунун ашташтары жабыркаса, артриттин мындай оор формасы бала чоңойгондо да сакталуусунун ыктымалдыгы көбүрөөк. Илдет көздөргө таасирин тийгизиши (ирит оорусу өрчүп, бала сокур болуп калышы) мүмкүн. Ирит
Ювенилдик артриттин себеби эмнеде?
Анын пайда болуусунун так себеби белгисиз, бирок “иммундук системге” (дененин түрдүү оорулардан коргонуу механизмине) кандайдыр бир байланышы бардай өңдөнөт. Дененин иммундук системи оору козгоочу микробдорго гана эмес, дененин өзүнө да кол сала баштайт. Бул илдет тукум куубайт, аба-ырайынын, баланын тамактануусунун же жашоосунун өзгөчөлүктөрүнөн көз каранды эмес. Баланын ата-энесине илдеттин байланышы жок. Ал бир баладан башка балага өтпөйт, баланын акыл-эсине таасир тийгизбейт.
Баланын абалы начарлайбы, же жакшырып кетеби? Анын келечеги кандай болот?
Илдеттин өрчүү варианттары ар түрдүү болушу мүмкүн. Демейде муундар бирде абдан катуу ооруйт, бирде ооруу басаңдап калат. Көп учурда мындай ооруу жана ага байланыштуу муунагуу адегенде бир нече жыл бою күчөйт, андан кийин бара-бара басаңдай баштайт. Артрит менен ооруп калган ар 3 баланын экөөндө 10 жылдан кийин илдеттин белгилери толук жоголот, бирок бузулууга дуушар болуп калган муундарынан улам баланын ден соолук мүмкүнчүлүктөрү ошол чектелген боюнча биротоло калышы мүмкүн. Кээ бир балдарда артрит алар бойго жеткенден кийин деле уланат, бирок демейде жеңилирээк формасында болот.
Ювенилдик артрит менен ооруган балдардын көпчүлүгү бойго жеткенден кийин басканга, иштегенге жана толук баалуу, бактылуу өмүр сүрүүгө жарактуу эле болушат.
Илдет балага жана анын үй-бүлөсүнө кандай таасир тийгизет?
Оор формадагы артрити бар бала көп кыйналат. Муундары катуу ооруганынан түнкүсүн уктабаган бала оңой кыжырланма, көңүлү чөгүнкү жана кызыксыз болушу ыктымал. Бирок муун ооруусу басаңдаганда, бала демейдегидей ачык чырайлуу жана активдүү болушу мүмкүн.
Илдетке карата жасалган аракеттерге жана көрүлгөн чараларга карабастан көп учурда артрит жылдап оорлой берет. Натыйжада, баланын жана анын ата-энесинин айыгууга үмүтү үзүлүп, алар эч нерсе кылгысы келбей калышы мүмкүн.
Мындан тышкары, баласынын муундарынын оорушунун себеби жетишерлик айкын болбогондуктан баласы канчалык кыйналып жаткандыгын ата-эне билбеши ыктымал. (Ювенилдик артритте, негизи, муундар чоң кишилердикиндей анчалык кызарбайт.) Ушул себептен кээде үй-бүлөсү “бала жөн эле кежирленип жатат” же аны “ыйлаак бала” деп эсептейт. Бала өзүн аны таштап кетишкендей же күнөөлүү сезиши мүмкүн. Үйбүлөнүн жалпы маанайы начарлайт.
Мындай үй-бүлө кошуналарынын, жергиликтүү медициналык-санитардык кызматчылардын жана, эгер мүмкүн болсо, реабилитологдун жардамына жана колдоосуна муктаж. Көнүгүүлөрдү, терапияны такай аткаруу жана зарыл дарыларды кабыл алып туруу (көп учурда бул бир топ жыл созулушу керек) жолу аркылуу баланын абалы оңолуп кетүүсү мүмкүн экенин бардыгы түшүнүүгө тийиш. Эгер калыбына келтирүү терапиясы башка балдардын жана үй-бүлөсүнүн катышуусу менен ойноо түрүндө жүргүзүлсө, бул баланын денесин да бекемдейт, анын ындынын да көтөрөт.
КОШУМЧА КӨЙГӨЙЛӨР
Кыймылдоо жана көнүгүүлөр жетишсиз болгондо, муундарда көп учурда контрактуралар пайда болот. Белгилүү бир убакыттан кийин сөөктөр бир бирине жабышып өсүп калышы же ашташтарынан чыгып кетиши мүмкүн. Мындан тышкары, колдорду жана буттарды жазуучу булчуңдар абдан алсыз болуп кетет. Бирок көнүгүүлөрдү аткаруу жолу менен дененин бөлүктөрүн жетиштүү көлөмдө кыймылдатып жана денени туура абалылына келтирип кармап туруу аркылуу мындай көйгөйлөрдүн пайда болуусуна жол бербөөгө же алардын катаалдыгын азайтууга болот.