Hesperian Health Guides
ТИЗЕСИНДЕ АРТРИТИ бар бала үчүн көнүгүүлөрүн бара-бара татаалдаштыруу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 16-БӨЛҮМ: Ювенилдик артрит: Балдардагы өнөкөт артрит > ТИЗЕСИНДЕ АРТРИТИ бар бала үчүн көнүгүүлөрүн бара-бара татаалдаштыруу
НЕГИЗГИСИ:
- Тизелерди жазуучу булчуңдарды бекемдеңиз (аларды бүгүүчү булчуңдарды бекемдебеңиз).
- Көнүгүүлөрдү жасоо учурунда тизени кыймылдатпаңыз.
- Көнүгүүлөрдү дененин бир абалында гана эмес, башка абалдарында да аткарыңыз. Баланын булчуңдарынын күчү улам көбөйгөн сайын, көнүгүүлөрдү кошумча жүк менен аткарыңыз.
Биринчи көнүгүү: бутту түз кармап жана жерден көтөрбөй
Адегенде бала көнүгүүнү чалкасынан жаткан абалында, бутун кыймылдатпай аткарсын. |
![]() Бутун кыймылдатпай, бул булчуңун түйүп, 25ке чейин санасын. Андан соң булчуңун бошоңдотсун. Көнүгүүнү 10 жолу кайталасын. Көнүгүүнү күнүгө 3–4 маал жасасын. |
Бир нече күндөн кийин бала бул көнүгүүнү отурган абалында аткарып баштасын. |
![]() Бир нече күндөн кийин бала бул көнүгүүнү отурган абалында ат карып баштасын. |
Экинчи көнүгүү: бутту түз кармап көтөрүү
1. Бул бутун түздөп, санынын үстүнкү жагындагы булчуңдарын түйсүн (биринчи көнүгүүдөгүдөй). | |
![]() | |
2. Андан соң, тизесин бүгүлтпөй, бутун көтөрүп, аны ушул абалында 5 же 10го чейин санап бүткөнчө кармасын. | ![]() |
3. Бутун жай түшүрсүн. | |
4. Эс алсын. |
![]() Бутун көтөргөндө, тизеси өйдөнү же бир аз сыртты көздөй багытталуусун камсыз кылгыла. |
![]() Тизеси такыр бүгүлбөшү керек. (Эгер бутун көтөргөндө, тизеси бир аз болсо да бүгүлсө, бул жериндеги булчуңдары өтө эле алсыз бойдон экенидигин билдирет. Биринчи көнүгүүнү аткарууга кайтыңыз.)
ТУУРА ЭМЕС |
Эгер бала бул көнүгүүнү чалкалап жаткан абалында, тизесин бүкпөй аткара алса, көнүгүүнү бутка кошумча жүк бекитүү жолу менен улантыңыз.
![]() Адегенде ½ кг. |
![]() Кошумча жүктүн салмагын бара-бара 1 кг-га, |
![]() андан кийин, 1,5 кг-га жетк-ириңиз |
![]()
Жүк катары кум салынган баштыкчаны колдонсоңуз болот. |
Бир нече күндөн кийин бала бул көнүгүүнү отурган абалында аткарып баштасын:
![]() Адегенде кошумча жүк кошпой эле, |
![]() андан соң, кошумча жүк кошуп. |
Дагы бир жолу айта кетели: кошулуучу жүктү бара-бара көбөйтүңүз. 0,5 кг-дан баштап, 5 кгга чейин жеткириңиз. Бала көнүгүүнү тизесин бүкпөй аткарууга жарактуу болмоюнча кошумча жүк колдонбоңуз. |
Бала 2 кг-дык жүк байланган бутун тизесинен бүкпөй көтөрүүгө жараганда, көнүгүүнүн кийинки түрүнө өтсө болот. Бутту көтөрүлгөн абалында түшүрбөй кармаңыз.
![]() |
![]() |
![]() |
1. Сандын үстүнкү жагындагы булчуңун түйсүн. | 2. Тизесин бүкпөй, бутун көтөрсүн. | 3. Бутун капталга кыймылдатып, сыртты көздөй бурсун. |
![]() |
![]() | |
4. Бутун карама-каршы багытта кыймылдатып, ичти көздөй бурсун. | 5. Бутун түшүрүп, булчуңдарын бошоңдотсун. |
Үчүнчү көнүгүү: тизени бир аз бүгүп кармап, бутту көтөрүү
1. Баланы чалкасынан жаткызып, тизесинин астына тоголоктолгон сүлгүрдү коюңуз. | 2. Бутун сыртты көздөй бурсун. | 3. Бут кетменин көтөрүп, 5 же 10го чейин жай санасын. | 4. Бут кетменин жай түшүрсүн. |
5. Булчуңдарын бошоңдотуп, эс алсын. | |||
![]() |
![]() |
![]() |
6. Көнүгүүнү 10–30 жолу кайталагыла. |
Бут кетмени гана көтөрүлүүсүн, ал эми саны көтөрүлбөөсүн, мындан тышкары, бут кетмени көтөрүлгөн абалында тизеси мүмкүн болушунча түз кармалуусун камсыз кылыңыз. |
Баланын булчуңдары күчкө толгондо, көнүгүүнүн ушул түрүн бутка экинчи көнүгүүдөгүдөй кошумча жүк бекитип аткаргыла.
![]() |
![]() |
![]() |
1. Бала чалкасынан жаткан абалында жүк бекитилген бут кетменин көтөрсүн. Жүктүн салмагын бара-бара 5 кг-га жеткиргиле. | 2. Отурган абалында, бут кетменин адегенде жүгү жок эле көтөрсүн. | 3. Отурган абалында, бут кетменин бекитилген жүгү менен кошо көтөрсүн. (Жүктүн салмагын улам көбөйтүп отуруп, 5 кг-га чейин көбөйткүлө.) |
![]() чоюлма таңгыч же велосипед камерасынан кесим (же кум салынган баштыкча) |
![]() | |
Эгер жамбаш сөөк - кашка жилик муунунда артрит же контрактура бар болсо, бала көнүгүүнү жаткан абалында жана бул мууну мүмкүн болушунча жазылып түздөлгөн абалында (тизесинин астына эч нерсе койбой эле) аткаруусу баарынан артык. |
Булчуңдарынын күчүн бекемдөө максатында бала бул көнүгүүнү бутун түз абалында кармай албай калганча же буту бир аз титирей баштаганча аткара берүүгө тийиш. Бала бул көнүгүүлөрдү канчалык көп аткарса, булчуңдары ошончолук тез күчтөнүп бекемделет. Бул көнүгүүлөрдү муун атүгүл шишип жана ооруп турганда да жасаса болот. Бирок эгер көнүгүүнү аткаруу учурунда же андан кийин муун ооруу күчөсө, кошумча жүктүн салмагын же көнүгүүнүн санын азайтыңыз.