Hesperian Health Guides

БАЛАНЫН КӨЗДӨРҮ КӨРҮҮСҮНДӨ КӨЙГӨЙЛӨРҮ БАР БОЛУШУ МҮМКҮН ЭКЕНИН БИЛДИРҮҮЧҮ БЕЛГИЛЕР

Бул бөлүмдө:

  • Көздөрү же кабактары кызаруу, ириңдөө же аларга улам жаш келе берүү.
  • Көздөрү жансыз сезилүү, алардын бетинде бырыштар пайда болуу, өңү-түсү күңүрттөнүп кетүү же аларда жаралар же дагы башка көйгөйлөр пайда болуу.
  • Бир кареги (көздүн борборундагы кара тегерек бөлүгү) же экөө тең бозоруп же агарып кетүү.
  • 3 айга толгон ымыркай алдында ары-бери жылган буюмду же жарыкты көздөрү менен ээрчи- бөө.
  • 3 айга толгон ымыркай алдындагы буюмдарга, алар добуш чыгармайынча же балага тиймей- че, колдорун сунбоо.
  • Каректеринин кароо багыттары “кайчылашуу” (чалырдык), б.а. бирөө ичке же сыртка багытта- луу, же экинчисинен бөтөнчө кыймылдоо. (6 айга чейин каректердин кароо багыттарынын бир аз кайчылашуусу нормалдуу көрүнүш.)
  • Бир нерсени караганда көздөрүн жүлжүйтүү же башын чалкалатуу.
  • Теңтуштарынан кечирээк колдоруна буюмдарды алып, жөргөлөп же басып баштоо, айлана- сындагы нерселерге улам уруна берүү, олдоксон кыймылдагандай жана эпсиз сезилүү.
  • Ачык түстүү буюмдарга, сүрөттөргө же китептерге көңүлүн анча бурбоо, же аларды бетине өтө өтө жакындатып кароо.
  • Күн баткандан кийин көрүүсү начарлоо (түнкү сокурдук).
  • Мектепте дубал тактада жазылган тамгаларды же китептердеги кичинекей тамагаларды окуй албоо, же окуганда, тез чарчоо же башы ооруп кетүү көп орун алуу.


Эгер балада жогоруда келтирилген белгилердин бири байкалса, көздөрүнүн көрүүсүн текшериңиз жана, эгер мүмкүн болсо, коомчоңуздагы медициналык-санитардык кызматчыга же көз доктуруна кайрылыңыз. Кээде көздөр- дүн көрүүсүн алдын алуу иш-чараларынын жардамы менен же эрте дарылап баштоо аркылуу сактап калса болот.

Ымыркай көрө алат бекенин текшерүү жана балдардын көрүүсүнүн курчтугун аныктоо тууралуу “БАЛА балага” программасы, андан тышкары, Helping Children Who Are Blind (Со- кур балдарга жардам берүү) деп аталган китептен окуңуз.



This page was updated:30 Дек 2025