Hesperian Health Guides

Сокурдуктун АЛДЫН АЛУУ

Бул бөлүмдө:

Балдарды жакшылап тамактандырып, таза кармап жана алардын ден соолугуна кам көрүп туруу- га аракет кылуу – сокурдукка жол бербөөнүн эң мыкты жолу. Кош бойлуу аялдар да түрдүү азыктар менен жетиштүү көлөмдө тамактанып турушу жана курсагындагы балага зыян келтире турган дары-дармектерден оолак болушу керек. Бул тууралуу кененирээк маалыматты Helping Children Who Are Blind (Сокур балдарга жардам берүү) же көрсөтүлгөн жумушчу топторго кайрылыңыз.


Кыскача, балдарда сокурдуктун алдын алууга жардам берүүчү кадамдарга төмөнкүлөр кирет:

  • Кош бойлуу аялдар кызамык оорусу же башка жугуштуу дарттар менен ооруган адамдардан, кооптуу дары-дармектерден оолак болуусу жана жетиштүү көлөмдө тамактанып туруусу кажет.
  • Жаңы төрөлгөн балдардын бардыгынын көздөрүнө, төрөлгөнүнөн кийин дароо, курамында эритроми- цин же тетрациклин бар көз майын сүйкөңүз "Сокурдуктун себептери").
  • Балдарды жугуштуу оорулардын мүмкүн болушунча бардыгынан эмдеңиз.
  • Балага эмчек эмизиңиз. Эмчек эмизүүнү мүмкүн болушунча улантыңыз.
  • Эне жана бала айрыкча курамында А витамини бар азыктар менен жакшылап тамактанып туруулары кажет. Эмчек эмизүү токтотулгандан кийин, көп учурда, балада адегенде ич өтүү, андан кийин “көздөрү кургоо” байкалат. Андыктан, бала башка азыктар менен тамактанып баштаганда, ага күнүгө курамында А витамини бар азыктардан пюре даярдап берип туруңуз.
  • Үйдүн ичин жана баланын өзүн таза кармаңыз. Ажаткана жасап, табигый муктаждыктарды анын ичи- нен аткаргыла. Ажатканадагы тешикти жабык кармап, ага чымындарды жолотпогула. Колдорду, ай- рыкча тамактануунун алдында жана ажатканадан чыккандан кийин самындап жууп туруңуз.
  • Баланын көздөрү таза кармалсын. Көздөрүнө инфекция жукса же алар ириңдесе, таза сууга малынган таза чүпүрөк менен аларды улам тазалап туруңуз, жана коомчоңуздагы медициналык-санитардык кыз- матчыга кайрылыңыз.
  • Кызылча оорусу менен ооруган балдарга курамында А витамини бар азыктарды (же А витамини бар капсулаларды "Сокурдуктун себептери") берип туруңуз. Анткени, көздөр кургоо кызылча оорусу менен ооруган адам- дарда көп учурайт.
  • Трахоманын белгилери байкалган адамдардын бардыгын эрте дарылап баштоо зарыл. Көздүн түрдүү дарттарын дарылоо тууралуу коомчоңуздагы медициналык-санитардык кызматчыдан билиңиз же “Үй- бүлөнүн ден соолугу үчүн” Where There Is No Doctor деп аталган китептен окуңуз.
  • Учтуу жана курч буюмдарды, окторду, жарылуучу заттарды, кычкылдыктарды, шакарларды балдар жет- пеген жерде сактаңыз. Мындай нерселердин кооптуулугун аларга түшүндүрүңүз. Оозу жабык бөтөлкө- лөрдү, банкаларды же окторду отко салуу абдан кооптуу экенин да айтыңыз. Балдарга жергиликтүү ай- макта өскөн өсүмдүктөрдүн кээ бирлери кооптуу болушу мүмкүн экенин да түшүндүрүңүз. (Мисалы, Мексикада, аты “Хиза” деп аталган дарак өсөт. Анын ширеси уулуу келет. Эгер ал кокус көзгө кирип кет- се, көздү шакардай күйгүзүп коёт.) Көз жаракаттарынын бардыгын эрте жана жакшылап дарылоо шарт.
  • Таштарды же таяктарды башка адамдарга багыттап ыргытуу, орусча “рогатка” деп аталган курал ме- нен атуу абдан кооптуу экенин балдарга эскертиңиз.
  • Ымыркайларды жана улуураак балдарды көз илдеттеринин же начар көрүүнүн эрте байкала баштаган белгилерине текшериңиз. 2 айга толгондо жана мектепке барар алдында балдардын көздөрүнүн көрүү- сүн текшериңиз.
DVC Ch30 Page 256-1.png
  • Балдар инилеринин, карындаштарынын жана сиңдилеринин көздөрүнүн көрүү-сүн текшерүүсүн уюштуруңуз ("БАЛА балага" программасын караңыз).
  • Балдарда пайда болуучу сокурдуктун көпчүлүгүнүн алдын алуу мүмкүн экенин ар бир адам түшүнүүсүнө жардам бериңиз. Алар эмне кыла аларын ай- тып бериңиз.
  • өздөрүндө сезгичтиги жоголгон адамдар көздөрүн кантип коргой алары тууралуу караңыз.



This page was updated:30 Дек 2025