Hesperian Health Guides
Сокур баланын келечеги кандай болот?
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Сокур баланын келечеги кандай болот
Көздөрү көрбөгөн бала, үй-бүлөсүнүн жана коомчосунун жардамы жана колдоосу менен, эрте калыпта- нуучу ык-жөндөмдөрдү башкалардай эле тез жана жакшы өздөштүрүп кете алат. Helping Children Who Are Blind (Сокур балдарга жардам берүү) (639-бет) деп аталган китепте мындай балага өз алдынча тамакта- нууну, киринүүнү, кийинүүнү, өзүн тейлөөнү, үйүндө жана коомчосунда башка бирөөнүн жардамысыз кото- рулууну үйрөтүү жолдору камтылган. Мындай баланын көздөрү жакшы көрбөйт, бирок ал айланасынан маалымат алып туруу үчүн денесинин башка сезимдерин (угуу, тийүү, атүгүл жыттоо) артыкчылыктуу кол- донууну өздөштүрөт. Эгер мындай баланын көздөрү кичине болсо да көрсө, бул жөндөмдүүлүгүн мүмкүн болушунча мыктыраак пайдалануусу үчүн, ага жардам берүү зарыл. Мындай бала мектепте окуй алат жана окууга тийиш. Ал кадимкидей окуй албаса да, эс тутумун жакшылап өнүктүрүп кете алат.
Мындай бала чоңойгондо фермер же кол өнөрчү болууга жөндөмдүү. Эгер үйрөнүүсү үчүн жетиштүү мүмкүнчүлүктөр менен камсыз кылынса, ал далай түрдүү ык-жөндөмдөрдүн каалаганын өздөштүрүп кете алат. Сокур кишилерге адилеттүү мүмкүнчүлүктөр берилип турган аймактарда мындай адамдар коомчо- лорунун турмушуна жигердүү катышып, толук баалуу, бактылуу өмүр сүрө алышат. Далай өлкөлөрдө ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдарды көбүрөөк өз алдынча болууга жана коомдо өз укуктары үчүн күрөшүүгө үндөп, өздөрүн лидер катары көрсөткөн сокур кишилердин мисалдары белгилүү.
Тилекке каршы, көздөрү көрбөгөн балдарга көп учурларда ар кандай зарыл нерселерге тез жана мүмкүн болушунча үйрөнүүсүнө мүмкүнчүлүктөр берилбей калат. Айрым өлкөлөрдө, сокур болуп төрөлгөн балдар- дын жарымынан көбү 5 жашка чыга элегинде эле ачкадан же каралбоодон көз жумат. Кийинки бетте эки сокур баланын эки башка жагдайын сүрөттөгөн окуялар келтирилген. Алардан үй-бүлөнүн жана коомчонун түшүнүү менен мамиле кылуусу жана жардамы балдар үчүн канчалык пайдалуу экенин оңой көрүүгө болот.
ШАНТИ*Шанти – Индиянын кичинекей бир айылында төрөлгөн кичинекей сокур кыз. Анын сокурдугу алгач байкалганда, ата-энеси, чоң атасы жана чоң апасы муну айылдын тур- гундарынан жашырууга аракет кылышкан. Кызынын со- курдугу алардын кайсы бир күнөөсү үчүн үй-бүлөгө жаза катары жиберилген жана эл аларды жек көрө баштайт деп баары ойлошкон.
|
РАНИРани – Индиянын дагы бир айылында төрөлгөн кичи- некей кыз. Ранинин ата-энеси кызынын сокурдугун байкаганда, Шантинин ата-энеси сыяктуу, айылынын тургундары эмне дейт деп кабатыр болушкан. Бирок 5 жыл мурун көздөрү бара-бара көрбөй калган, кыздын чоң энеси: “Биз кызыбыз үчүн аракет кылуубуз зарыл. Мени карагыла. Азыр мен да сокурмун, бирок көздөрүм көр- гөн кезден калган сезимдеримдин бардыгы өз жайында, ошондогудай эле муктаждыктарым бар. Мен ошол кезде эмнелерди кыла алсам, азыр деле алардын көпчүлүгү колуман келет. Азыр деле кудуктан суу ташыйм, күрүчтү жаргылчакка тартып майдалайм, эчки саайм,...”
Үй-бүлө бул кеңештерди жылуу кабыл алды. Алар Ра- нинин алакандарына ар түрдүү буюмдарды коюп, алар эмне экенин кызына түшүндүрүп башташты. Мындай буюмдардын арасында коңгуроолор, балдардын чыйыл- дактары, ар кандай суюктуктар куюлуучу металл банка- лар, бөтөлкөлөр (буларды чапкылап, добуш чыгаруу үчүн) бар эле. Айрыкча чоң энеси бардык барган жерле- рине Ранини кошо ала барып, айланасындагы бардык нерселерге анын көңүлүн буруп, аларга тийип жана алар- ды кунт коюп тыңшап изилдеп туруусун камсыз кылып жүрдү. Ал небереси менен ар түрдүү оюндарды чогуу ойноп, ага түрдүү ырларды ырдап берип турду. Рани 2ге чыкканда, чоң энеси ага үйдөгү жана сырттагы дубал- дарга өзүндөй таянып басканды үйрөттү. Рани 3 жашка чыга электе эле дааратканага жана кудукка өз алдынча барып-келүүнү үйрөнүп алган. Рани 4кө чыкканда, коом- чодогу медициналык-санитардык кызматчы кыздын ко- шуналары менен сүйлөшүп, алардын балдарына “БАЛА балага” программасынын сокур адамдар менен катна- шууга арналган атайын үйрөтүү иш-чараларын өткөрдү. Андан кийин, Рани менен достошуп, чогуу ойноп туруу үчүн, үйүнө бир нече бала келген. Балдар көздөрүн та- ңып, ар кандай буюмдарды табууга же аларды туура атоого аракет кылып көрүштү. Мындай оюндарда көбүн- чө Рани жеңүүчү болуп чыгып жатты.
|