Hesperian Health Guides
Таяк пайдаланганды кантип үйрөнүүгө болот
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Таяк пайдаланганды кантип үйрөнүүгө болот
Көздөрү көрбөгөн бала узун таяктын жардамы менен жолун таап, ары-бери которулуп туруусуна мүмкүн- чүлүк алат, айрыкча белгисиз жолдор боюнча. Андан баланын өзүнө ишеними бекемдейт. Таякты такай пай- далануу аркылуу ишенимдүү узун кадамдарды шилтеп, ыкчамыраак жана дээрлик кадимкидей эле баскан- ды үйрөнүүгө болот. Анткени таяк алдындагы жолун буттарынан бир топ алдыраак “сыйпалап” алдын ала билүүгө балага мүмкүнчүлүк берет. Балага таяктын жардамы менен басканды үйрөтө баштоо үчүн эң ылай- ык курак – 6–7 жаш.
| Таяк ичке жана жеңил болуш керек. Анын узундугу ба- ланын ийни менен белинин ортосуна чейин жеткендей болууга тийиш. Таяктын башын ийрийтип жасап же түз бойдон калтырып койсо болот. |
Адегенде баланын колуна таякты карматыңыз. Басканда, ал таягын алдындагы жерге акырын тийгизсин. Бала таяк кармаган колун түз кармоого тийиш.
Алдындагы жолун таягы менен “сыйпалап” тапсын. Муну оюнга айланткыла. Баланы шаштырбаңыз. Оюнду бала андан тажай элегинде токтотуңуз. Адегенде, 5 же 10 мүнөт эле жетиштүү.
Бала таягына көнгөндөн кийин, анын капталына туруп, тегиз жана бирдей кадамдарды шилтеп басууну ага үйрөтүңүз.
Таягын капталдан капталга кыймылдатып көрсүн. Жолун- дагы тоскоолдуктарды табар бекенин байкаңыз.
Бала белгилүү бир убакыттан кийин таягын мурдагыдан мыктыраак колдонуп калат:
| Бала таягын алдындагы жо- луна кичинеден тийгизүү жо- лу менен капталдан каптал- талга кыймылдатсын. | |
| Капталдан капталга кыймыл- датуу жазылыгы ийиндеринин жазылыгынан бир аз көбүрөөк болууга тийиш. | |
| Таяктын учу бир капталга жетип, жерге тийгенде, кара- ма-каршы жагындагы бутун алдыга шилтесин. | |
| Тар же тегиз эмес жолдон баланы башка бирөө таягынан тартып өткөрсө болот. | |
| Же болбосо, бала ошол кишинин чыканагынан же кырк муунунан кармап алса болот. |
| ТУУРА | TУУРА ЭМЕС | |
| Бала алдындагы тепкичтердин жана жолжээк таштардын бийиктигин адегенде аныктап, анан аларга чыгууну үйрөнсө болот. | ||
| Тепкичке чыгууда, ар бир баскычтын бийиктигин аны- ктоо үчүн, таякты сүрөттө көрсөтүлгөндөй кармаган оң. | Таягын мындай кармоо туура эмес. Анткени таягы капыстан тоскоолдукка кептелип, баланы курсакка урушу мүмкүн. |
| Бала жолун оңоюраак табуусу же каерден буру- луу керектигин түшүнүүсү үчүн, чоң жана жалгыз аяк жолдордун кесилиштери- не мамыларды же башка ориентирлерди орнотуп койсо болот. Бирок, мүмкүн болгондо, балага жолдо мурдатан эле бар ориентирлерди пайдаланууну үйрөтүңүз.. |
|
| Балага автоунаалар, атчандар же велосипедчендер өтүүчү жолдон өтөөрдөн мурда тияк-биягын жакшылап тыңшоону үйрөтүңүз. | |
| Кээде жолдун четине багыттоочу арканды же узун кармагычтарды орнотуп коюу мүмкүн болот. |