Hesperian Health Guides
Эрте өнүгө баштоосуна түрткү берүү
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Эрте өнүгө баштоосуна түрткү берүү
Көздөрү көрбөгөн баланын муктаждыктары башка балдардыкындай эле экенин Ранинин чоң энеси жак- шы түшүнгөн. Ал аёого эмес, сүйүүгө муктаж. Мындай бала үй-бүлөсүнүн мүчөлөрү жана башка нерселер менен тийүү, угуу, жыттоо жана даам татуу жолдору аркылуу таанышуусу керек. Жашаган үйү жана айла- насында болуп жаткан нерселер тууралуу бала көбүрөөк кабардар болуусуна бүтүндөй үй-бүлөсү жардам берсе болот.
| Баланын биринчи оюнчугу – анын денеси. Бала колдору- нун жана буттарынын кый- мылдоосун көрө албаган- дыктан, тийүү, даам татуу жана жыттоо жолдору ар- кылуу аларды изилдөөсүнө ага жардам берүүңүз керек болушу мүмкүн. | |
| Бала өзүнүн бетин жана башкалардыкын кармалап, аларды са- лыштырып, тийүү жана угуу жолдору аркылуу адамдарды тааныганды үйрөнсүн. |
Эрте калыптануучу ык-жөндөмдөрдү бала эрте өздөштүрүп баштоосуна жардам берүүчү көнүгүүлөр 35-БӨЛҮМ. Андагы көнүгүүлөрдүн көпчүлүгү көздөрү көрбөгөн балдарга да жакшы жарайт. Эгер баланын көздөрү көрбөсө, башка сезүү органдарын өрчүтүү зарыл. Угуу жана тийүү өзгөчө маанилүү. Айланасындагы буюмдарга колдорун активдүүрөөк сунуусуна жа- на ары-бери которулуусуна баланы кызыктыруу керек. Ал үчүн формасы, тийгенде сезилиши жана чы- гарган добуштары ар түрдүү оюнчуктарды пайдаланыңыз (49-БӨЛҮМ жана 639-бетте кыскача маа- лыматы келтирилген Helping Children Who Are Blind (Сокур балдарга жардам берүү) деп аталган китепти караңыз.
| Адегенде оюнчукту баланын колуна коюп же колун оюнчукту көздөй багыттап жардам берүүңүз керек болушу мүмкүн. Же болбосо, баланын жанына түрдүү буюмдарды илип койсоңуз, ал колдорун кыймылдаткан- да, ошол буюмдарга тийет. |
| Баланын өнүгүүсүнүн ар бир баскычын- да анын көңүлүн добуштуу оюнчук ме- нен буруңуз. Адегенде бала колдорун оюнчукту көздөй сунсун, андан кийин оюнчукту балага жакындатып көрүңүз. | Андан сураган нерселерди бала мыкты аткарганда же аткарууга аракет кылганда, аны мактап туруңуз. |
Атайын көнүгүүлөрдү аткаруудан тышкары, күнүгө убактысынын көпчүлүгүн айланасындагы адам- дар жана буюмдар менен таанышып, алар тууралуу кабардарлыгын улам кеңейтип туруусуна ага ыңгайлуу шарттарды түзүп бериңиз. Баланын жанында эмне гана кылбасаңыз, ал менен сүйлөшүп ту- руңуз, ага түрдүү буюмдардын аттарын атап, өзүңүз жана ал эмне кылып жатканын ага айтып түшүндүрүп туруңуз. Бала буларды адегенде түшүнбөйт, бирок сиздин үнүңүздү укканда, сиз анын жанында экениңизди түшүнүп, буга көнө баштайт. Бала сөздөрдү жана буюмдардын аталыштарын улам угуу жолу аркылуу тил ык-жөндөмүн өздөштүрүүгө даярдана алат.
| Үй тиричилик жумуштарын аткаруу учурунда, балаңыз менен сүйлөшүп туруңуз. Ал уккан добуштар эмнелерден чыгып жатканын ага айтыңыз. | Балага ыр ырдап берип туруңуз. Ырдын күүсүнө жа- раша кыймылдоого баланы кызыктырыңыз.
|
|
|
|
| Колго жасалган музыкалык аспаптар тууралуу 49-БӨЛҮМ караңыз. | |
| Баланы ээрчитип алып, базарга, дарыя- нын жээгине, уйканага, айылдын бор- бордук аянтчасына барып туруңуз. Ага түрдүү нерселерди түшүндүрүп, алардан кандай добуштар чыгарын айтып бери- ңиз. |
Атайын жардамдын жана өнүгүүгө түрткү берүүчү аракеттердин эрте – баланын өмүрүнүн биринчи айларынан тартып эле – башталуусу сокур бала үчүн маанилүү. Мындай аракеттер болбосо, бала өнүгүүсүндө абдан артта калып калат. Сокур бала өзүн абдан тынч алып жүрүшү, көп деле бир нерсе кылбашы жана ары-бери жылгандан чочулай бериши мүмкүн. Үй-бүлөсү деле баладан көптү күтпөй, жаңы нерселерди өздөштүрүүсүнө ага ыңгайлуу шарттарды түзүп бербейт. Натыйжада, бала өнүгүүсүндө ого бетер артта калат.
Бирок эгер өнүгүүсүнө түрткү берүүчү аракеттер сокур баланын эң кичинекейинен тартып эле башталса жана ал муктаж болгон дагы башка жардамын ошондон тартып алып баштаса, ал ык-жөндөмдөрдүн далайын көздөрү көргөн балдардай эле тез же дээрлик ошончо тез өздөштүрүп кетет. Ошондо, үй-бүлөсү көздөрү көрбөгөн баласынан далайды күтүп, аны өздөрүнүн иштерине көбүрөөк катыштыра баштайт. Мындай аракеттердин натыйжасында, сокур бала дээрлик өзүнүн курагындагы башка балдардай эле тез өнүгүп өрчүй башташы мүмкүн. Ал атүгүл ошол балдар менен чогуу мектепте окуп калышы ыктымал.