Hesperian Health Guides
Жумуш аткаруу
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Жумуш аткаруу
Чоңойгон сайын, көздөрү көрбөгөн бала түрдүү жумуштардын далайын өздөштүрүүгө улам жөндөмдүү боло баштайт. 54-бөлүмдүн ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү адамдардын колунан келе турган түрдүү жумуштарды келтирдик. Алардын арасындагы * белгиси менен белгиленгендерин сокур адамдар да аткара алышы далай ирет ырасталган.
Айыл жергесинде жашаган сокур балага үй-бүлөсүнө үй тиричилик жана айыл чарбачылык жумуштарында жардам берип туруусуна кенен мүмкүнчүлүктөр берилүүгө тийиш. Аны көздөрү кадимкидей көргөн бал- дардай эле үй-бүлөсүнүн күндөлүк иш-аракеттерине катыштырып, андан көп эле нерселерди талап кылуу керек. Оюн же чоңдорду тууроо аркылуу ал пайдалуу ык-жөндөмдөрдү үйрөнөт.
Жер иштеткен үй-бүлө короосундагы жана талаасындагы жер тилкелериндеги жумуштарга сокур баласын кичинекейинен тартып катыштырып баштаса болот.
| Үй-бүлөсү тамакка колдонгон өсүмдүктөрдү кантип өстүрөрүн адегенде ошол өсүмдүктөрдүн уруктарын айдатып, анан аларды сугартып, чоңойгон сайын аларга кам көрдүрүп, убагы келгенде аларды жый- натып, аягында тамакка коштуруу жолу аркылуу баласына түшүндүрсө болот. | Кийин, бала атасы же апасы менен талаага кошо чыгып, өсүмдүк- төрдүн уруктарын айдашып, аларга жардам берсе болот. Ал соко казган бороздо боюнча басып, уруктарды айдай алат. |
Баланы үй тиричилик жана айыл чарбачылык жумуштарыңыздын ар бир аспектине катыштырууга аракет кылыңыз. Адегенде ага баарын зарыл болушунча жакшылап түшүндүрүп, аны багыттаңыз. Андан кийин, бала жумушту толугу менен өз алдынча аткарганды үйрөнмөйүнчө ага жардам берүүңүздү улам азайтыңыз.