Hesperian Health Guides

Сокурдук ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген башка илдеттер менен айкалышуу

Бул бөлүмдө:

Церебралдык шалдыгы же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген башка илдети бар балдардын кээ бирлери жа- рым-жартылай же толук сокур болушат. Баласында мындай бузулуу бар экени ата-энесинин оюна келбеши мүмкүн. Алар баласы өтө жай өрчүп өнүгүүсүн же анда түрдүү нерселерге кызыгуу жоктугун анын акыл-эсинин же физикалык мүмкүн- чүлүктөрүн чектеген илдети менен байланыштырып, өздөрүн тынчытышы ыктымал. Чынында, булар негизинен сокурдук- тан улам болушу мүмкүн.

Балада башка бузулуу жок болсо деле, сокурдук өзү эле баштапкы ык-жөндөмдөрүнүн өрчүүсүн жайлатышы же оорлотушу мүмкүн. Эгер бала айланасындагы нерселерди карабаса, аларга колдорун сунбаса же кызыкпаса, анын көрүүсүн (жана угуусун) текшериңиз.

Эскертме: Мээси катуу жабыркаган же акыл-эси бузулуусу бар балдардын кээ бирлери башкаларга сокурдай сезили- ши мүмкүн. Мээсинин өрчүүсү ымыркайлардын деңгээлинде калгандыктан, алар алдындагы буюмдардын багытында карап, бирок аларды көрө албашы ыктымал. Эгер мындай балдарды күчөтүп өнүктүрүп өрчүтсө, бара-бара алардын айрымдары айланасындагы нерселер тууралуу көбүрөөк кабардар болуп, көздөрү менен алардын артынан ээрчип жана, акыры, аларга колдорун сунуп башташат.



This page was updated:30 Дек 2025