Hesperian Health Guides

Сокур балага эч нерсени карманбай ары-бери которулганды үйрөтүү

Бул бөлүмдө:

Үйдөн сыртка чыкканда, көп учурда, көздөрү көрбөгөн бала башка бирөө аны жетелөөсүн артык көрүшү жана өз алдынча атүгүл бир кадам шилтегенден чочулашы мүмкүн.

Балага өз алдынча басканды үйрөтүү үчүн, сиз ага ылайыктуу деп тандаган жерде аны адегенде ары-бе- ри жетелеңиз. Баланы ошол жердеги түрдүү ориентирлерге (мамылар, дарактар, бадалдар, тамдар) жете- леп алпарып, аларды карматып, алар менен тааныштырыңыз.

a woman and child speaking while they walk.
Баланы жетелөөнүн мыкты ыкмасы: ал манжаңызды кармасын жана бир кадам артыңызда бассын.
a woman speaking to a child walking toward her.
a child speaking to a woman who walks behind her.
Эми так ошол эле жол менен, бирок сиз баланын алдында кетенчиктеп (арка- ңызды алдыга каратып) басыңыз. Басып баратып, балага сүйлөп туруңуз. Сиз анын алдында басканга бала көнгөн- дө, анын артына түшүп басыңыз. Бала ары-бери басып жатып, жолунан учура- ган ориентирлерди сизге атап турсун.

Баланын сизден көз карандылыгын кичинеден азайтып отуруп, жокко чыгарыңыз. Улам барган сайын, ба- гыттоо максатында балага азыраак сүйлөңүз жана алысыраак узап кетүүсүнө мүмкүнчүлүк бериңиз.

Ошентип отуруп, балага бүтүндөй жолду өз алдынча басып өтүүсүнө мүмкүнчүлүк түзүңүз. Адегенде ал кыска аралыктардан баштасын. Андан соң аралыктарды бара-бара узартып, көбүрөөк бурулуштары жана дагы башка өзгөчөлүктөрү бар жолдордо басканды үйрөнсүн.

Бала жогорудагыны аткарганды үйрөнгөндө, ал айрым көйгөйлөрдү өз алдынча чече аларын түшүнүп, сүйүнүп калат. Ошондо, бала жаңы нерселерди үйрөнүүгө, жаңы кыйынчылыктарды жеңүүгө жана жаңы жерлерди изилдөөгө даяр болот.


DVC Ch30 Page 250-4.png
Бала бут кетмендеринин жардамы менен “көрүүнү” үйрөнүүгө жана жолунда учурай турган жаңы нерселерге даяр болууга муктаж. Аны менен түрдүү оюндарды ойноңуз. Жолуна ар кандай нерселерди коюп, аны балага билдириңиз. Бала аларга чалынбай, аларды айланып же аттап өтө алар бекенин байкаңыз.
Ky DVC Ch30 Page 250-6.png
Кээде бала бир нерсеге чалынып жыгылат. Жыгылганда, бир жерин оорутпай жерге конууну бала жумшак жерде алдын ала үйрөнсүн. Жыгылып баратканда, колдорун алдыга сунууну жана тизелерин бүгүүнү ага үйрөтүңүз.
DVC Ch30 Page 250-5.png
Тамдын же дубалдын жанынан жана ачык жер- ден кадамдарынан (же таякчасынан) чыккан эки башка добушту бир биринен айырмалаган- ды үйрөнүүсүнө балага жардам бериңиз. Ал улам кайталап отуруп, ар кандай нерселерге чейинки аралыкты алардан чыккан добуштар- дан аныктаганды үйрөнүп алса болот.





This page was updated:30 Дек 2025