Hesperian Health Guides
Сокур балага колдорун пайдаланганды жана зарыл ык-жөндөмдөрдү кантип үйрөтсө болот
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Сокур балага колдорун пайдаланганды жана зарыл ык-жөндөмдөрдү кантип үйрөтсө болот
Көздөрү жакшы көрбөгөн балага колдору менен ар түрдүү нерселерди аткарганды, мисалы, өз алдынча тамактанганды, кийингенди, кирингенди жана табигый муктаждыктарын аткарганды үйрөнүп алуусуна жар- дам бериңиз. Бул ык-жөндөмдөрдү кантип өздөштүрсө болору 36 -39 бөлүмдөрдө каралган.
| Бала түрдүү нерселерге тийип, аларды сыйпалап көрүүсү үчүн, адегенде анын колдорун багыттап, ага жардам берүүңүз керек болушу мүмкүн. |
Тамактанганда, түрдүү азыктардын кайсынысы табагынын кайсы бөлүгүндө экенин билүүсүнө жардам берүү үчүн, аларды дайыма табагынын бир жерине салууга аракет кылыңыз. Бала бир аз чоңоюп, убакыт түшүнүгүн өздөштүрүп, ал саатта кандайча бел- гиленерин үйрөнгөндө, ал тамак салынчу табагын же чөйчөгүн саатка окшоштуруп элестетсин. Азыктардын түрлөрү табагында “саат канчага салынып турганын” балага айтыңыз. Мисалы, суу куюлган чыны табактын жанында “саат экиге коюлган”. Аны дайыма “саат экиге коюп” туруңуз.
Оңой төгүлүп же сынып кете турган чыныны, бөтөлкөнү же буга окшогон башка идиштерди дайыма бир жерге койгонду үйрөнүп алуусуна балага жардам бериңиз. Түрдүү буюмдарды каерге коюп жатканын эстеп калууну, бир нерсеге кол сунуп жетүүнү жана аны кулатпай алууну үйрөтүңүз. Ичинде суюктугу бар идишке алакан-манжаларынын арт жагы менен тийип жетүүдөн ал анча көп төгүлбөйт. (Муну үйрөнүү үчүн, көп кайталоо талап кылынат. Албетте, далай жолу төгүп алуу орун алат, бирок бул ык-жөндөмдү өздөштүрүүнүн жолу ушул. Баш аламандыкка жеткирбөө керек деп, буюмдарды анын колуна коюп бербеңиз же анын ордуна аткарбаңыз. Баш аламандык – үйрөнүүнүн ажырагыс бир бөлүгү.)
Балага манжаларынын жардамы менен ар түрдүү буюмдардын формаларын, чоңдуктарын аныктоону үйрөнүүсүнө жана алар колдо кандайча сезилери менен таанышуусуна жардам бериңиз. Бала бир бирине байланышы бар түрдүү бөлүк- төрдү белгилүү бир үлгүдө же тартипте бир бирине бириктирүүнү үйрөнүүсү үчүн, оюнчуктар жана пазлдар менен ойноосуна шарт түзүңүз. Мындай оюнчуктар жана пазлдар тууралуу БАЛДАРДЫН КОЛУНАН КЕЛЕ ТУРГАН ОЮНЧУКТАР караңыз.
От, ысык казан-аяк, курч бычак, каап алышы же тээп коюшу мүмкүн болгон ит жана эшек же ат, терең чуңкур, кудук, зоо-моо, терең көлмө же дарыя сыяктуу нерселер менен этият же алардан оолак болууга тийиш экенин балага үйрөтүңүз. “Аларга тийбе же жакындаба!” деп гана тим болбоңуз. Балага алардын кооптуулугун түшүнүүсүнө жардам бериңиз.
| Бала үй-тиричилик жумуштарында үй-бүлө- сүнө түрдүү жолдор менен жардам берип баштоосуна мүмкүн- чүлүктөрдү түзүңүз. Бул анын ык-жөндөм- дөрүн жакшыртат жана үй-бүлөсүнүн турмушу- нун жана анын аракет- теринин ажырагыс бө- лүгү катары өзүн сезүү- сүнө жардам берет. | |
| Абдул инисин термелтип, үй- бүлөсүнө жардам берип жатат. | |
| Апасы Ранинин колун багыттап жана ар бир кадамды түшүн- дүрүп, ага тамак даярдоону үйрөтүп жатат. |
Бала чоң нерселерди жетишерлик мыкты пайдаланганды өздөштүргөндөн кийин, кичинекей нерселерди да пайдаланганды үйрөнүп алуусуна ага жардам бериңиз. Мисалы:
| Ал эжесине күрүчтү кичинекей таштардан жана кыпын- сыпындан тазалоого жардам бере алат. | Эгер үйдөн бирөө балага түрдүү нерселерди үйрөтүүгө убактысын аябаса, бала үй-тиричилик жумуштарынын далайын кылышып баштап, үй-бүлөсүнө жардам бере алат. Көздөрү көрбөгөн бал- дардын көбү жерге төшөлүү- чү мат, килем, кийим жана ча- быра токуганды жакшы өз- дөштүрүп кете алышат. Мындай кол өнөрчүлүк аларга манжаларын мыкты пайдаланганды үйрөнүүсүнө жардам берет. |
Мындан тышкары, түрдүү формадагы кичинекей буюмдарды жана башка майда-чүйдө нерселерди ман- жалары менен сыйпалап таануу жөндөмдүүлүгүн өрчүтүүгө балага жардам бере турган оюндарды жана оюнчуктарды караштырыңыз.
Мисалы, жыгачтан доминонун сүрөттөгүдөй сөөкчөлөрүн жана бир катар оюндарда колдону- луучу башкача сөөкчөлөрдү жасап берсеңиз болот. Бала сөөкчөлөрдөгү майда тегеректерди сыйпалап тааный алуусу үчүн, сөөкчөлөргө балка менен тегерек бөрктүү мыктарды уруп киргизсеңиз болот. Же болбосо, мындай тегерекчелерди оюп даярдаңыз.
Бала мындай сөөкчөлөрдөгү тегерекчелерди манжаларынын учу менен сыйпалап тааныган- ды үйрөнө алат. Аны менен бирге, ал санаганды жана сандарды колдонгонду да үйрөнөт.
Адегенде чоң сөөкчөлөрдөн баштасаңыз болот. Кийин, бала аларды манжалары менен сый- палап жакшы таанып калгандан кийин, аларды кичирээк түрлөрүнө алмаштырыңыз. Бул майда-чүйдө буюмдар менен иштөөнү талап кылган жумуштардын көп түрлөрүн аткарганды жана атүгүл Брайль алфавитин колдонуп окуганды үйрөнүүгө баланы жакшы даярдайт.
МЕКТЕП
Сокур балдардын башка балдардай эле мектепте окууга мүмкүнчүлүктөрү бар болуш керек. Коомчодогу балдар көздөрү көрбөгөн балага мектепке барып-келип туруусуна, мектептин ичинде жүрүүсүнө жана сабактарында кантип жардам бере алуусу тууралуу маалыматтар “БАЛА балага” программасы- нын сокурдук маселесине арналган бөлүгүндө талкууланат (БАЛДАРДЫН УГУУСУН ЖАНА КƟРҮҮСҮН ТЕКШЕРҮҮ караңыз).
Көпчүлүк өлкөлөрдө сокур балдарга Брайль алфавитинин жардамы менен окуганды жана жазганды үйрөтүүчү атайын мектептер бар. Брайль алфавити бетинен бир аз көтөрүлүп тургандыктан аларды манжалардын учтары менен сыйпалап окууга жардам берүүчү чекиттерден түзүлгөн тамгалардан турат. Аны Луис Брайль аттуу француз сокур бала мындан көп жыл мурун ойлоп чыккан.
Көздөрү көрбөгөн айылдык балдардын көпчүлүгүнө мектеп- те Брайль алфавитин үйрөтүшпөйт. Ошентсе да, мындай бал- дардын мектепте окуусуна жардам бере турган көп башка ыкмалар бар.
Көздөрү көрбөгөн бала үчүн мугалимдин түшүндүрүүлөрүн көчүрүп алуу жана сабактарды үйдөн кайталоо үчүн мыкты көмөкчү каражаттардын бири – үнжазгыч аспап. Үй-бүлөсү акча чогултуп, баласына мындай аспап алып берүүгө аракет кылышы керек. Же болбосо, мектеп окуу- чулары лотерея уюштуруп же башка жол менен каражат чогултуп, балага аспапты алып беришсе болот. Балдар мектеп ки- тептеринен сабактарды, башка китеп- терден түрдүү окуяларды жана башка маалыматттарды үнжазгычка жазып, ба- лага жардам бере алышат.
“Сокур” деп эсептелген балдардын көпчүлүгү кичине болсо да көрө алары эсиңизде болсун. Бала- ны көздөрүнүн ошол чектелүү көрүү жөндөмдүүлүгүн колдонууга шыктандырыңыз. Эгер ал класста- гы жазуу тактасына жазылган чоң тамгаларды көрө алса, анда тамгаларды, сандарды жана башка белги- лерди чоң жана так жазыңыз, жана классында ал алдыга отуруусун камсыз кылыңыз. Мындан тышкары, бала окуган жай жетишерлик жарык болуусун жана тамгалар менен башка мектеп куралдары даана көрүнгүдөй болуусун камсыз кылыңыз.
Эгер баланын көз- дөрү бир аз көрө алса, тамгаларды үйрөнүүсүнө ага жардам бериш үчүн, аларды ЧОҢ кылып жазыңыз. Ал үчүн ак кагаз жана кара сыя колдонуңуз.
Балага тамгаларды кармап көрүп таанууну үйрөтүү үчүн, аларды мында келтирилген ыкмалардын бирин пайдаланып даярдасаңыз болот.
| Тактага же картон кагазга жоон жипти чаптап же кадап; | Тактада тамганы оюп; | Картон кагаз- дан тамганы кесип алып, башка картон кагазга чаптап; | Тамганы гипс- тен же чопо- дон жасап. |
| тешиктер аркылуу керилген жип менен тактай | |||
| Класстык бөлмөдө жумшак чопо салынган таба болушу тамгаларды манжалар менен сыйпалап окуганды жана аларды жазганды үйрөнүүсүнө балага жардам берет. | Балдар жазганды сырттагы кумда, жерде же чоподо үйрөнө алышат. | Бала жазганды үйрөнүп баштаганда, кагазына туурасынан жиптерди тарттырып карматып койсоңуз, тамгаларды түз жазып үйрөнүүсүнө жардам берет. Же кошумча кара сызыктарды чийиңиз. | |
Санаганды үйрөнүүсүнө жардам берүү үчүн, балага жөнөкөй чот жасап берсеңиз болот. Бала чоттогу тегерекчелерди капталынан экинчи капталына жылдырып, санаганды, кошконду жана кемиткенди өздөштүрө алат.
Бала сандар түшүнүгүн өздөштүргөндөн кийин, сымдарында тоголок таштары бар кадимки чоттун жардамы менен санаганды үйрөнө баштаса болот. Чотто сандар таштарды солдон оңго (төмөнкү сүрөттө – ылдыйдан өйдө) жылдыруу жолу менен түзүлөт. Көздөрү көрбөгөн бала улам кайталап туруу жолу аркылуу сандарды чотто бир бирине кошконду жана бир биринен кемиткенди башка балдар кагаз бетинде үйрөнгөндөй эле тез же атүгүл алардан да тезирээк үйрөнө алат.
| Казыкчалары бар сүрөттөгү- дөй такта сандар түшүнүгүн сыйпалап таануу жолу менен үйрөнүүгө, мындан тышкары, ал түрдүү нерселердин ор- тосундагы майда айырма- чылыктарды тааный билгенди өздөштү- рүүгө жардам берет. | |
| (Чынында бардык таштардын түсү бирдей. Сүрөттө, биз чотто кантип саноо керектигин окур- мандарга жакшыраак жеткирүү максатында алардын айрымда- рын кара түс менен бердик.) Таштардын сүрөттө көрсөтүлгөн абалдары бул сандарды берет. | |
| Сүрөттөгү 4 сымдагы таштар биригип 6789 деген санды түзөт. Ортоңку узун таякчанын үстүндөгү ар бир таш анын астындагы ар бир таштан 5 эсе көп санды түзөөрүнө көңүл буруңуз. | |