Hesperian Health Guides
Сокур балага ары-бери которулганды кантип үйрөтсө болот
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Сокур балага ары-бери которулганды кантип үйрөтсө болот
Көздөрү көрбөгөн бала, көпчүлүк учурда, ары-бери которулуу ык-жөндөмүн жай өздөштүрөт. Мындай ба- ла кошумча жардамга жана жаңы нерселерге кызыктырылып турууга муктаж. 35-бөлүмдө келтирилген кээ бир көнүгүүлөр балага жөргөлөгөндү, төрт аяктап которулганды, турганды жана басканды үйрөтүүгө сизге жардам бериши мүмкүн. Төмөндө кошумча сунуштар келтирилген.
| Бала төрт аяктап же жамбашына отуруп алып которулуп баштаган- да, анын оюнчуктарын же башка кызыктуу буюмдарды ар кайсы жерлерге коюп койсоңуз, бала аларды издеп ойносо болот. Бул анын айлана-чөйрөсүн изилдөө- гө жана жаңы нерселер менен таанышууга болгон кызыгуусун күчөтөт. | |
| Бирок ал баса баштаганда, ошол айланасындагы нерселерге кокус урунуп, ары-бери которулгандан чочулап калбашы үчүн, бардыгын өз ордунан жылдырбаганга ара- кет кылыңыз. Эгер айланасында- гы буюмдун ордун которсоңуз, балага анын жаңы ордун көрсө- түңүз. | |
| Ары-бери которулуудан жана өз денесин пайдалануудан чочула- бай калуусуна жардам берүүчү оюндарды жана көнүгүүлөрдү колдонуңуз. | |
Дени соо балдар күнүгө кылып туруучу нерселердин (айлана-чөйрөнү изилдөө, ар кандай кызыктуу нер- селерге баш менен чөмүлүү ж.б.у.с.) баарына көздөрү көрбөгөн баланын да кызыгуусун арттырыңыз. Ошол эле учурда, өзүнө зыян келтирип албашын камсыз кылыңыз, бирок аны чектен ашырып коргобоңуз. Баскан- ды жаңыдан үйрөнүп келе жаткан балдардын баары кээде жыгылып каларын эстен чыгарбаңыз. Көздөрү көрбөгөн бала деле анча-мынча жыгылса, эч нерсе болбойт.
| Бала үйдөгү жана сырттагы дубал- дарды карманып, ары-бери котору- луусуна жардам бериңиз. |
| Бала баскан жолунун четине тамандары менен, ал эми өсүм- дүктөргө жана башка нерселерге колдору менен тийип, аларды тааныганды үйрөнүп алса болот. | |
Эгер бала башка бирөөнүн жардамысыз басып баштабаса, кадимки бастыргычты, отургучту же арабаны түртүп, басып баштоосуна жардам бериңиз. Көздөрү көрбөгөн бала өзү даяр болмоюнча, өз алдынча басканды үйрөнө баштоосуна аны мажбурлабаңыз. Бир күнү ал өз алдынча басып баштайт: адегенде бирин-серин гана кадам шил- тегенди өздөштүрөт, кийин чочулабай басканды үйрөнүп кетет. |