Hesperian Health Guides
Коомдук турмуш
HealthWiki > Ден соолугунун мүмкүнчүлүктөрү чектелүү балдарды реабилитациялоо > 30-БӨЛҮМ: Кɵздөр начар көрүү жана сокурдук > Коомдук турмуш
Башка балдар коомчосунда кандай мүмкүнчүлүктөргө ээ болсо, сокур бала да так ошондой мүмкүнчүлүк- төргө ээ болушу керек. Балаңызды адегенде ар жакка, мисалы, кудукка, дарыянын жээгине, базарга, мек- тепке, мечитке ж.б.у.с. ээрчитип алып барып туруңуз. Кийин ошол жайларга өзүн жибериңиз. Баланы жолдо жолуккан адамдар менен тааныштырыңыз. Балаңыз абдан активдүү экенин, болгону көздөрү гана көрбөрүн аларга түшүндүрүңүз. Баланы көргөндө, өздөрү ага биринчи сүйлөп баштоосун (анткени бала аларды көр- бөйт да), баланын суроолоруна жооп берип туруусун, издегенин табууга балага жардам берип коюусун алардан өтүнүңүз. Мындан тышкары, баланын ордуна баарын аткара бербөөсүн, андан көрө далайын өзү аткаруусуна балага жардам берүүсүн алардан өтүнүңүз. Сокур бала элдин оюнда эзели болуп көрбөгөндөй көп түрдүү нерселерди аткарууга жөндөмдүү болорун адамдар бара-бара түшүнүшөт жана балага сый-ур- мат менен мамиле кылып, аны баалай башташат. Ошентип, башка сокур балдар үчүн да жагдай жеңил- дейт.
Баланы жолугушууларга, кинотеатрга, куурчак театрына жана шаарда өтүп туруучу ар кандай иш-чара- ларга ээрчитип алып барыңыз. Айланасында болуп жаткан нерселерди ага түшүндүрүп берип туруңуз.
Бойго жеткенде, сокур балдар үй-бүлө куруп, балалуу боло алышат. Алар көздөрү көргөн адамдардай эле балдарына мыкты ата-эне болууга жөндөмдүү.