Hesperian Health Guides

Сокурдуктун себептери

Бул бөлүмдө:

Сокурдук эмнеден пайда болору тууралуу түрдүү элдерде түрдүү ырым-жырымдар бар. Дүйнө жүзүнүн кээ бир аймак- тарында бала сокур болуп төрөлүү ата-энесинин күнөөсү үчүн жаза деп ойлошот. Ал эми Латин Америкасынын айрым бөлүктөрүндөгү элет жергесинде жашаган эл “ымыркайдын көздөрүнө жарганаттын заарасы тамып кеткен же анын бети- нин жанынан “Кара жез тумшук” деп аталган шайтан көпөлөк учуп өткөн” деп ишенет. Албетте, сокурдуктун чыныгы се- бептерине булардын эч байланышы жок. Адамдар жаңы маалыматтарга улам ээ болгон сайын, алардын көбү мындай эски ырым-жырымдардан баш тартып, арылып жатышат.

Балдардын көздөрү кургап кетүүсүнө жол бербөө үчүн, аларга А витамини бар азыктарды берип туруу керек. Үй-бүлөлөрдү үйлөрүнүн жанындагы жер тилкелерине таттуу калемпир, сабиз жана жашыл жал- бырактуу жашылчаларды өстүрүп, аларды тамакка колдонуп турууга кызыктыруу зарыл. Бала 6 айынан тартып бул азыктар менен такай тамактанып туруусун камсыз кылыңыз.

БАЛДАР СОКУР БОЛУП КАЛУУСУНУН НЕГИЗГИ СЕБЕПТЕРИ

  1. “Көздөр кургоо” (ксерофтальмия, же начар тамактануудан пайда болуучу сокурдук) – балдарда пайда болуучу сокурдуктун эң көп учу- раган себеби. Ал Африканын жана Азиянын айрым аймактарында ай- рыкча көп кезигет. Бул илдет баланын тамагында А витамини жетиш- сиз болгондо пайда болот. Табийгатта А витамини мөмөлөрдүн жана жер жемиштердин көбүндө, андан тышкары, сүттө, этте жана жумурт- када бар. Ушундай азыктардын жок дегенде бири менен такай тамак- танып турбаган балдардын көздөрү ушинтип кургап кетет. Балдардын ичи өткөндө же алар кызылча оорусу, көк жөтөл же кургак учук ме- нен ооруганда, мындай бузулуу көп пайда болот же тез күчөйт. Ал эм- чек эмбеген балдарда кыйла көбүрөөк учурайт.

    Балдардын көздөрү кургап кетүүсүнө жол бербөө үчүн, аларга А витамини бар азыктарды берип туруу керек. Үй-бүлөлөрдү үйлөрүнүн жанындагы жер тилкелерине таттуу калемпир, сабиз жана жашыл жал- бырактуу жашылчаларды өстүрүп, аларды тамакка колдонуп турууга кызыктыруу зарыл. Бала 6 айынан тартып бул азыктар менен такай тамактанып туруусун камсыз кылыңыз.

    А витамининин капсулалары же суюк түрлөрү да көздөрдүн кургап кетүүсүнө жол бербөөгө жарайт, бирок булар туура баланстуу тамакта- нуунун ордун алмаштырбоого тийиш. Балага ар 4–6 ай сайын мындай кошулмадан 200 000 бирдик (1 жашка чейинки балдарга 100 000 бир- дик) (60 мг ретинол) берип туруңуз. Мындай чоң дозаны берүү жышты- гын 4–6 айдан к өбөйтпөңүз, анткени өтө көп А витамининен бала ууланышы мүмкүн. Дарылоо максатында, А витамининен 200 000 бирдикти (эл аралык бирдик) бир жолу, кийинки күнү дагы 200 000 бир- дик жана 2 жумадан кийин дагы бир жолу 200 000 бирдик бериңиз. 1 жашка чейинки балдарга так ушул дозанын жарымын бериңиз. Коом- чоңуздагы медициналык-санитардын кызматчыга кайрылыңыз.

Балада сокурдук начар тамактануудан же инфекциядан пайда болушу жана көпчүлүк учурда балдар сокур бо- луп калуусуна жол бербөө мүмкүн экени белгилүү.


КСЕРОФТАЛЬМИЯНЫН БЕЛГИЛЕРИ
“Түнкү сокурдук” биринчи белгиси болушу мүмкүн. Бала караңгыда башкаларга салыштырмалуу начарыраак көрөт. a child tripping and falling on a dark night.
Кийинки белгиси: көздөр кур- гап кеткендей көрүнөт. Көздүн агынын өңү күңүрттөнүп кетет, анда бырыштар жана кичи- некей боз түстүү ыйлаактар (Бито тактары) пайда боло баштайт. illustration of the above: a dry eye.
Кийин көздүн каралжын бөлү- гү, тагыраак айтканда, анын сыртындагы тунук чели да кургап, анын өңү да күңүрт- төнүп кетет. Анда майда чуңкурлар пайда болот. DVC Ch30 Page 244-3.png
Акыры, көздүн сыртындагы тунук чели жумшарып, анда көөп же жарылып кеткен жерлер пайда болот. Бул, сокурдукка алып келиши мүмкүн. an eye with a bulging cornea.
БУГА ЖОЛ БЕРБӨӨГӨ ЖАРДАМ БЕРҮҮЧҮ АЗЫКТАР
  • эмчек сүт
  • жалбырактуу каралжын- жашыл жер жемиштер
  • сары, кызыл же кызгылт- сары түстүү жер жемиштер
  • ынак сүт
  • жумуртканын сарысы
  • боор жана бөйрөк
  • балык
DVC Ch30 Page 244-5.png


2. Трахома алдын алууга мүмкүн болгон сокур- дукка алып келүүчү себептердин, бүткүл дүйнө жүзү боюнча, эң кеңири тараган түрү болуп эсеп- телет. Ал көбүнчө балдарда башталып, бир нече ай же жыл созулушу мүмкүн. Эгер трахоманы эрте дарылап баштабаса, ал сокурдукка алып келиши ыктымал. Трахома адамдан адамга же чымындар аркылуу тарайт. Ал чектелүү жашоо мейкиндигинде көп адам чогуу жашаган шарт- тарда, жакыр үй-бүлөлөрдө эң көп учурайт.

una mosca.
Баланын көздөрүн таза кармоо жа- на чымындарды жолотпоо жолу аркы- луу көпчүлүк учурда трахомага жол бербөөгө болот. Трахома сокурдукка алып келбеши үчүн, көздөрдү кура- мында эритромицин же тетрациклин бар көз майлары менен эрте дарылап баштаңыз (коом- чоңуздагы медициналык-санитардык кызматчы- га кайрылыңыз, же “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 220-бетин караңыз).
ТРАХОМАНЫН БЕЛГИЛЕРИ
illustration of an eye showing tpaxoma
Көздөр кызаруудан башталат; көздөргө улам жаш келе берет, алар сезгенет. Же балдарда ал бир не- че ай бою эч кандай баштапкы белгилери жок эле же бирин-серини гана байкалып өрчүйт.
Бир айдан же андан ашык убакыттан кийин көздүн үстүнкү кабагынын ички бетинде кичинекей дөм- пөйүүлөр пайда болот.
Көздүн агы сезгенет же шишийт.
DVC Ch30 Page 245-3.png
Көздү каптап турган тунук челдин үстүнкү бөлүгү күңүрттөнүп кеткендей көрүнүшү мүмкүн
ilustración de lo siguiente: un ojo con una córnea rayada.
Бир нече жылдан кийин кабактынын ички бетинде- ги дөмпөйүүлөр жоголо баштайт, бирок алардын ордунда агыш тырыктар калат
Тырыктар кирпиктерди көзгө тартып, мындан көздү каптап турган тунук чел тытылып, бул сокурдукка алып келиши ыктымал
3. Эгер жаңы төрөлгөн баланын көздөрүнө гонорея же хламидиоз жукканда илдетти те- зинен дарылап баштабаса, ал сокурдукка алып келет. Көздөр кызарып, шишип, аябай ириңдеп кетет. Сокурдукка алып келүүсүнө жол бербөө үчүн, жаңы төрөлгөн бардык бал- дардын көздөрүнө дароо курамында эритромицин же тетрациклин бар көз майын сүйкөө же повидон-йоддун эритмесинен 1 тамчы тамчылатуу зарыл. Энеде бул эки оорунун бир да белгиси байкалбаса деле, ал ооруну төрөт учурунда баласына жуктуруп коюшу мүм- күн.
baby with disease in eyes.
Эгер биринчи бир нече ай ичинде ымыркайдын көздөрү кызарса, шишисе жана катуу ириңдесе, анда балада бул эки оорунун бири же экөө тең болушу мүмкүн. Эгер анализ жа- сатуу жолу менен кайсы инфекция сезгенүүгө алып келгенин аныктоо мүмкүн болбосо, бул эки оорудан тең баланы дарылаңыз.
Es DVC Ch30 Page 245-6.png
Көз майды көздүн төмөнкү кабагынын ички бетине сүйкөңүз.
Гонореядан дарылоо: Сан булчуңуна 125 мг цефтриаксон дарысын ийне аркылуу 1 жо- лу киргизиңиз.
Хламидиоздон дарылоо: 30–50 мг эритромицин сиробун күнүгө 3 маал 14 күн бою ичириңиз.
Эгер ымыркайдын көздөрүндө гонорея же хламидиоз оорусу өрчүсө, баланын атасы жана апасы да – экөө тең – бул оорудан дарыланып чыгууга тийиш. “Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” (236-, 237- жана 360-беттер) же Where Women Have No Doctor (Аялдын ден соолугу үчүн; 16-бөлүм) деп аталган китептерди караңыз.


DVC Ch30 Page 245-7.png
КАРА ЧЫМЫН Чынында
чоңдугу
ушунчалык
4. Онхоцеркоз Африканын жана Латин Америкасынын айрым аймактарында (бул жер- лерде эл аны “дарыядан пайда болуучу сокурдук” деп аташат) сокурдукка алып келүүчү эң көп учураган себептердин бири болуп эсептелет. (“Үй-бүлөнүн ден соолугу үчүн” деп аталган китептин 227-бетин караңыз.) Ооруну дарыяларда жана сайларда жашаган кара түстүү чымындын бир түрү таратат. Оорудан айыгууга мүмкүн эмес.
5. Кызылча оорусу (көздү сезгентип жабыркатып коюшу мүмкүн) сокурдуктун көп учураган себептеринин бири, айрык- ча Африка өлкөлөрүндө жана начар тамактанган балдарда.


6. Балдарда сокурдукка алып келүүчү мээ жабыркоо демейде балдардын церебрал- дык шалдыгы же ден соолук мүмкүнчүлүктөрүн чектеген башка илдет менен айкалышып орун алат. Баланын мээси төрөткө чейин, төрөт учурунда же төрөттөн кийин жабыркашы мүмкүн. Себептерине кош бойлуу кезинде кызамык менен ооруу, жаңы төрөлгөн бала бир топко чейин өз алдынча дем алып баштабоо, менингит оорусу кирет.БЦШ БОЮНЧА СУРООЛОР.
a boy running with scissors
САК БОЛУҢУЗ!
Учтуу бир нерсени кармап алып чуркоо КӨЗДӨР ҮЧҮН КООПТУУ.
7. Көздү кокустатып жабыркатып алуудан да далай бала сокур болуп калат. Буга алып келүүчү кооптуу нерселерге учтуу аспаптар, фейерверк, кычкылдыктар, шакарлар жана жарылгыч заттар (үй шартында жасалуучу түрлөрүнөн тартып динамитке чейин) ки- рет.
8. Балдарда сокурдук кээде башка себептерден да, мисалы,

гидроцефалиядан, артриттен, пес оорусунан, мээде шишик пайда болуудан же кээ бир дарылардан. Даун синдрому бар, чоңоюп калган балдар- дын болжол менен жарымында бара-бара катаракта (көздүн чечекейи тунаруу) өрчүйт.




This page was updated:30 Дек 2025